Президент Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган маарекеге катышты

Президент 2145 12 Сентябрь 2025 23:05
IMG_6330.jpeg
IMG_6331.jpeg
IMG_6332.jpeg
IMG_6335.jpeg
IMG_6334.jpeg
IMG_6333.jpeg
IMG_6336.jpeg
IMG_6339.jpeg
IMG_6338.jpeg
IMG_6337.jpeg
IMG_6342.jpeg
IMG_6341.jpeg
IMG_6340.jpeg
IMG_6345.jpeg
IMG_6344.jpeg
IMG_6343.jpeg
IMG_6348.jpeg
IMG_6347.jpeg
IMG_6346.jpeg
IMG_6351.jpeg
IMG_6350.jpeg
IMG_6349.jpeg
IMG_6354.jpeg
IMG_6353.jpeg
IMG_6352.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6330.jpeg
IMG_6331.jpeg
IMG_6332.jpeg
IMG_6335.jpeg
IMG_6334.jpeg
IMG_6333.jpeg
IMG_6336.jpeg
IMG_6339.jpeg
IMG_6338.jpeg
IMG_6337.jpeg
IMG_6342.jpeg
IMG_6341.jpeg
IMG_6340.jpeg
IMG_6345.jpeg
IMG_6344.jpeg
IMG_6343.jpeg
IMG_6348.jpeg
IMG_6347.jpeg
IMG_6346.jpeg
IMG_6351.jpeg
IMG_6350.jpeg
IMG_6349.jpeg
IMG_6354.jpeg
IMG_6353.jpeg
IMG_6352.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Алай районунун Гүлчө айылында XIX кылымдагы чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чарага катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөргө Алымбек датканын өмүр баянынын негизги баскычтарын ачып берген даректүү тасма, ошондой эле ал жашаган доордун атмосферасын жана анын өмүрүндөгү эң маанилүү эпизоддорду көркөм формада чагылдырган театралдаштырылган пролог көрсөтүлдү.

Садыр Жапаров куттуктоо сөзүндө Алымбек датка көрө билген көсөм жана кеменгер мамлекеттик ишмер болгонун, аны менен иш-чарага катышкан түздөн-түз урпактары эле эмес, бүткүл кыргыз эли сыймыктанарын белгиледи.

Садыр Жапаров сыймыктануу гана эмес, датканын өмүр баянын жана Кыргызстандын тарыхындагы ролун изилдөө, анын мамлекеттүүлүктү чыңдоого кошкон салымын сактоо жана даңазалоо, бул мурасты келечек муунга өткөрүп берүү милдети турарын баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда президент төкмө акындардын «Айтыш» сынагынын жеңүүчүсүнө Ош шаарынан батир алууга сертификат тапшырды. Ал эми ат оюндарынын — аламан байге, кунан чабыш жана жорго салыштын жеңүүчүлөрү автоунаалардын сертификаттарын алышты.