Садыр Жапаров Алайдын тургундарынын суроолоруна жооп берди

Президент 1098 14 Апрель 2026 00:10
670880174_1526939176107378_8529475511446772992_n.jpg
671647421_1526939296107366_4918825327237373052_n.jpg
672670416_1526939252774037_4530014921482361809_n.jpg
672046473_1526939232774039_4075848700364956593_n.jpg
672051504_1526939059440723_2632287495843939984_n.jpg
672082226_1526938946107401_7179008332952906981_n.jpg
672023655_1526938879440741_2261116789260186205_n.jpg
670769535_1526938836107412_4023868266097966359_n.jpg
672195998_1526938812774081_7237200101386259076_n.jpg
672686016_1526938756107420_5337438057883048285_n.jpg
671430043_1526938716107424_8276499488277885301_n.jpg
671156522_1526938692774093_1646557885796273069_n.jpg
671900188_1526938572774105_6431549276608393231_n.jpg
672670410_1526938569440772_52475352471210562_n.jpg
671413459_1526938532774109_4184108678464851684_n.jpg
670565799_1526938416107454_5887472837023621099_n.jpg
671975711_1526938426107453_2393356603037032697_n.jpg
671324471_1526938409440788_3624553291309910014_n.jpg
672379688_1526932169441412_4040021528245206667_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 13-апрелде Ош облусунун Алай районунун активи жана тургундары менен түз диалог өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө калктын күнүмдүк муктаждыктарын жана күтүүлөрүн чагылдырган суроолор айтылды.

Негизги темалар катары жол инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде Ош – Эркечтам унаа жолун модернизациялоо жана ички жолдордун абалын жакшыртуу маселелери болду. Тургундар ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйлөрүн чечүү, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объекттерди куруу жана жаңылоо зарылдыгын белгилешти.

Жер ресурстары боюнча маселелер да айтылды. Жолугушууга катышкандар жер тартыштыгы, жер тилкелерин трансформациялоо жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу көйгөйлөрүн көтөрүштү. Айрыкча тарыхый жана маданий мааниге ээ аймактарды сактоо жана жергиликтүү тургундардын пикирин эске албай, чарбалык максатта пайдаланууга жол берүүгө жол бербөө зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Диалог учурунда укуктук мүнөздөгү — айрым соттук чечимдерден тартып, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө, социалдык төлөмдөргө жана пенсиялык камсыздоого байланышкан кайрылуулар да айтылды. Алардын айрымдары кошумча изилдөөнү жана укуктук баа берүүнү талап кылат.

Тургундар ошондой эле айыл чарбасын колдоо маселелерин көтөрүштү. Бул багытта ирригацияны жакшыртуу, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле жашылдандыруу жана фермердик чарбаларды өнүктүрүү демилгелери тууралуу да сөз болду.

Мындан тышкары, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү темасы козголду. Президент электрондук кызматтарга өтүү жарандарга негизги документтерди аралыктан алууга мүмкүнчүлүк түзүп, бюрократиялык жол-жоболордон арылта турганын айтты. Ал жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берип, чет өлкөлөрдө да тааныларын баса белгиледи.

Жолугушууда тургундардын бири министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аймактарга бат-баттан барып туруусу тууралуу сунуш киргизип, көп маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечүүгө болорун айтты.

Садыр Жапаров бул сунушка пикирин билдирип, иш сапарынын алкагында жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн бир катар маселелер жергиликтүү жана тиешелүү бийлик органдарынын компетенциясына кирерин жана аймактык деңгээлде чечилиши керектигине ынанганын белгиледи.

Ушуга байланыштуу мамлекет башчысы жакын арада министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аймактарга үзгүлтүксүз чыгуу графиги бекитилерин билдирди. Бул чара жергиликтүү деңгээлде иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын кайрылууларын өз убагында кароого багытталган.

Суроо-жооптун жыйынтыгы боюнча президент тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, ар бир кайрылууну ыкчам жана объективдүү кароо зарылдыгына басым жасады.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров инфраструктураны өнүктүрүү, жашоо сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү негизги артыкчылыктар бойдон каларын белгиледи. Ал бул багыттагы иштер ырааттуу түрдө, аны менен катар алыскы жана бийик тоолуу аймактардын муктаждыктарын эске алуу менен улантыларын айтты.