Президент: Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, Сузакка 570 млн сомдук оорукана куруп берди

Президент 1460 13 Май 2025 13:31
497452864_9711502898917864_633247121547150620_n.jpg
496766346_1230528949081737_8568551645687682306_n (1).jpg
497464659_9711503288917825_4796805657984302084_n.jpg
497469645_9711502925584528_1795202814286199449_n.jpg
497509205_9711503145584506_1146573044251290291_n.jpg
496803896_1230528892415076_7838215365239935068_n.jpg
496795186_1230529929081639_1306371221546257619_n.jpg
497546443_1230531265748172_1947483923351451309_n.jpg
496769774_1230529015748397_5330114072782783446_n.jpg
496392228_1230531365748162_3487699754128533958_n.jpg
497372201_1230529715748327_257939794608746643_n.jpg
496814513_1230531135748185_1007715979888536953_n.jpg
496442539_1230529832414982_7701971081901327062_n.jpg
496814476_1230531399081492_6404512423226037371_n.jpg
497755835_1230529085748390_3601103634882720641_n.jpg
496486513_1230528969081735_1088280726959891917_n.jpg
496805413_1230529142415051_7217865101819919016_n.jpg
496395413_1230529709081661_221908842709490932_n.jpg
496798566_1230529782414987_3133742465145075887_n.jpg
496757834_1230528755748423_2021768232437711176_n.jpg
497573710_1230529975748301_1410611402290134344_n.jpg
496304805_1230529179081714_5444159072085574661_n.jpg
496313623_1230529215748377_1449666292785223584_n.jpg
496768199_1230529025748396_5468771983057383311_n.jpg
496296886_1230531259081506_803392697777001937_n.jpg
496752313_1230529289081703_1672218332284748522_n.jpg
496741890_1230528592415106_8097839086889322423_n.jpg
496805449_1230529102415055_2136121927716872101_n.jpg
496960719_1230528769081755_8734799022806764555_n.jpg
496420471_1230529909081641_9004904182389270633_n.jpg
496302380_1230528865748412_4827910171844014703_n.jpg
496767688_1230529772414988_8942766692481461526_n.jpg
497167607_1230531099081522_1997888833663988775_n.jpg
496304404_1230528582415107_7548331190165840914_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. «Акыркы жылдары өлкөбүздүн медицина тармагын жакшыртуу аракеттерибиздин алкагында, заманбап ооруканалардын курулушуна өзгөчө маани берилүүдө», - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы төрөт бөлүмүнүн жана балдар ооруканасынын жаңы имаратынын ачылышында.

Мамлекет башчысы 280 миң калкы бар Сузак району – өлкөбүздөгү ири райондордун бири экенин ырастады. Ошондуктан энелерге жана балдарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кошумча ооруканага болгон муктаждык жаралып келген.

«Бул боюнча кайрылуу каттар да келип, жолугушууларда өтүнүчтөр дагы айтылган эле. 65 орунга ылайыкташкан Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү суткасына төрөт көп болгон учурларда кошумча орундардын, дарыгерлердин жана заманбап медициналык жабдуулардын тартыштыгынан улам бир топ эле кыйынчылыктарды тартып келишкени белгилүү болчу», - деди президент.

Заманбап төрөт бөлүмү жана балдар ооруканасы жайгашкан үч кабаттуу имарат 150 орунга ылайыкташкан. Объектти курууга жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер бөлүнгөн. Медициналык мекеменин курулушуна 570 миллион сом сарпталды.

«Акыркы жылдары өлкөбүздүн медицина тармагын жакшыртуу аракеттерибиздин алкагында, мына ушундай заманбап ооруканалардын курулушуна өзгөчө маани берилүүдө. Бул иште колу ачык, жоомарт мекендештерибиздин дагы үлүшү бар», - деп баса көрсөттү Садыр Жапаров.

Ал буга чейин ишкерлер Кыргызстанда акча таап, бирок аны чет өлкөгө которуп, башка мамлекеттерге фабрика, заводдорду курууга жумшашканын белгиледи. Ал эми Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү алар сыяктуу болбостон, мунай базасын сатып, андан түшкөн каражатты Кыргызстанда заманбап оорукана курууга жумшашты.

Мамлекет башчысы ошондой эле өткөн жылы республикалык бюджеттин каржылоосу менен облустук клиникалык ооруканасынын 100 орундуу имараты, кургак учукка каршы күрөшүү борборунун 96 орундуу имараты курулуп, пайдаланууга берилгенин эске салды.

«Базар-Коргондо, Ала-Букада аймактык оорукананын түзүмдүк бөлүмдөрү, Жалал-Абад шаарында 100 орундуу балдар ооруканасы жаңыдан курулду. Аксыда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты салынса, Сузакта жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмү, Чаткалда хирургия бөлүмү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Токтогулда болсо мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде компьютердик томография, облустук клиникалык оорукананын урология бөлүмүнө бөйрөктөгү ташты операциясыз талкалоочу медициналык жабдыктар коюлган. Облус аймагында фельдшердик-акушердик 10 пункт курулуп, мамлекеттик 8 дарыкана ачылган», - деди президент.

Ал быйыл бир катар медицина мекемелеринин курулушу уланарын, анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, облустук перинаталдык борбор, Сузак районунун аймактык ооруканасынын 40 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараттары жана башка курулуштар жүрүп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле өлкөнүн клиникаларында ата мекендик дарыгерлер тарабынан орган алмаштыруу операцияларын бекер жасоону актуалдуу маселе катары белгиледи. Алар медицинасы күчтүү өнүккөн ар кайсы өлкөлөрдө окушту жана окутуулар азыр да жүрүп жатат. Медициналык тейлөөнүн сапатына жана жогорку технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

«Бөйрөктү алмаштыруу боюнча 70тен ашуун операция жасалса, боорду алмаштыруу боюнча операциялар дагы ийгиликтүү башталды. Мына ошентип, биздин башкы байлыгыбыз болгон элибиздин арасындагы оор операцияларга муктаж жарандарыбыздын өмүрүн өзүбүздөн, өзүбүздүн алтын колдуу дарыгерлердин жардамы менен сактап калууга кириштик», - деп белгиледи мамлекет башчы.

Андан соң президент бейтаптарга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн төрөт бөлүмүн жана Эне жана баланы коргоо борборун көрүп чыкты, ошондой эле орнотулган заманбап медициналык жабдуулар менен таанышты.

Жамаат менен баарлашкан соң алардын маянасы тууралуу сурап, жакынкы арада көбөйөрүн айтты. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев медициналык мекеменин кызматкерлери кызматтык турак жай жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан батирлер менен камсыздала турганын кошумчалап, ошондой эле эмгек акы фондун эки эсеге көбөйтүүнү билдирди.

Соңунда Садыр Жапаров ооруканага эки тез жардам унаасын тапшырды.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү эл менен да жолугушту, алар облуска көңүл бургандыгы жана жүргүзүлүп жаткан реформалар үчүн ыраазычылык билдиришти. Баарлашуунун жүрүшүндө алар жаңы төрөт үйүндө мекенине сыймык менен кызмат өтөй турган Кыргызстандын татыктуу уул-кыздары төрөлсүн деген тилектерин айтышты.