Президент: "Акылмандын" бүтүрүүчүлөрү жогорку квалификациялуу кадрлар болот

Президент Загрузка... 11 Март 2026 11:52
WhatsApp_Image_2025_VUBrLG4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. "Акылман" мектебинин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайын аяктагандан кийин бир күн да жумушсуз калышпайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, эгер бош орундар жок болсо дагы, алар үчүн атайын жумуш орундары түзүлөт.

"Мамлекет азыр миллиарддаган сом жумшап, аларды өлкөнүн келечеги катары даярдап жатат. Келечекте алар жогорку квалификациялуу кадрлар болуп чыгышат. Мындан ары "бул кадр кайдан келди?" деген түшүнүктөр болбойт. Бул адистер билимдүү менеджерлер болушат. 30 жылдан бери бул маселе менен эч ким алектенген эмес. Биз болгону түндүк-түштүк деп эле бөлүнүп келдик. Менимче, 15–20 жылдан кийин бул түшүнүк таптакыр жок болот", — деп баса белгиледи Жапаров.