Садыр Жапаров АКШ президентинин Түштүк жана БА боюнча атайын өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент 1262 23 Сентябрь 2025 08:25
553058286_1345914267543204_9089931687099636918_n.jpg
552688349_1345914290876535_6027314221946777185_n.jpg
550544901_1345914274209870_2841123842317076460_n.jpg
Алдыга
Артка
553058286_1345914267543204_9089931687099636918_n.jpg
552688349_1345914290876535_6027314221946777185_n.jpg
550544901_1345914274209870_2841123842317076460_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.09.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Америка Кошмо Штаттарынын президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, миграциялык процесстерди көзөмөлдөө маселелери каралды. Сүйлөшүүгө катышкандар аталган багытта конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлыктарын баса белгилешти.

Соңунда президент Садыр Жапаров Кыргызстан АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен активдүү кызматташууга, ошондой эле региондо туруктуу өнүгүүнү жана стабилдүүлүктү камсыздоого багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө даяр экенин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий диалогду улантууну макулдашты.