Садыр Жапаров Ак-Суу районунун Эңилчек айылына барды

Президент 2345 02 Август 2025 22:40
527457094_24077029505271964_4532108681162201004_n.jpg
525991515_24077029891938592_7148610151691513545_n.jpg
526528960_24077029671938614_4525938681046226008_n.jpg
526911727_24077029688605279_8436726778546210318_n.jpg
526510084_24077029508605297_8501485878100437030_n.jpg
Алдыга
Артка
527457094_24077029505271964_4532108681162201004_n.jpg
525991515_24077029891938592_7148610151691513545_n.jpg
526528960_24077029671938614_4525938681046226008_n.jpg
526911727_24077029688605279_8436726778546210318_n.jpg
526510084_24077029508605297_8501485878100437030_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 02.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан алыскы Эңилчек айылына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Эңилчек айылында бүгүнкү күндө 35 үй-бүлө жашайт. Айыл деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан. Ал жакка жол бийиктиги 3800 метр болгон ашуу аркылуу өтөт.

Мамлекет башчысын минкаб төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев коштоп жүрдү.

Садыр Жапаров жеринде жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Президент алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарды өнүктүрүүгө толук киришүүгө азыр гана мүмкүнчүлүк пайда болгонун белгиледи. Буга байланыштуу ал жергиликтүү тургундар үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жана жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн транспорт министрине айылга алып баруучу сапаттуу унаа жолун куруу иштерин баштоону тапшырды.

Мындан тышкары, жашоочулар балдары бул айылдагы мектепте 9-класска чейин гана окушарын, андан ары орто билимди Каракол шаарында аякташарын белгилешти. Буга байланыштуу Каракол шаарында балдары үчүн турак жай менен камсыз кылуу өтүнүчү айтылды.

Президент Садыр Жапаров алыскы аймактардын жашоочуларынын турак жай маселелерин чечүүдө МИК багыты боюнча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү караларына ишендирди.