Садыр Жапаров: Адамзаттын эң бийик баалуулугу — тынчтык жана достук — Кабар

Садыр Жапаров: Адамзаттын эң бийик баалуулугу — тынчтык жана достук

Президент 31 август 2026 22:00
790547274_948348550911278_8427635442062266106_n.jpg
789581191_1580355577151025_3726266044522824464_n.jpg
Алдыга
Артка
790547274_948348550911278_8427635442062266106_n.jpg
789581191_1580355577151025_3726266044522824464_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Адамзаттын эң бийик баалуулугу — тынчтык жана достук. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына старт берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүн, 31-август, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы. Дал ушул күнү ата-бабаларыбыз түптөгөн улуу көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө даңазалаган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачылып жатат.

Бул күнгө Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракесине арналган саммит да туш келүүдө.

Майрамдык саммитке келген 15тен ашуучу чет өлкө президенттери жана Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш баштаган абройдүү эл аралык уюмдардын жетекчилеринин келиши бүгүнкү окуялардын макамын да, маани-маңызын да арттырууда.

“Ушундан улам, жеке өзүмдүн жана жалпы кыргыз журтчулугунун атынан кесиптештериме жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине терең ыраазычылыгымды билдирем.

Мына ушул зор окуялар өлкөбүздүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, спорт тармагынын жана жаштардын келечегин символдоштурган заманбап «Бишкек Арена» стадионунда өтүп жатат.

Ушундай улуттук биримдикти, чөлкөмдүк коопсуздукту, эл аралык саясий-маданий өнөктөштүктү жана өнүгүүнү айкалыштырган тарыхый окуяларга коштолгон чоң майрам менен баарыңыздарды, жалпы мекендештеримди чын дилимден куттайм!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жогоруда тизмектелген иш-чаралардын ар бири өзүнчө тарыхый окуялар болгону менен, албетте, алардын эң башкысы — Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы өзгөчө мааниге ээ.

Эгемендүүлүктүн чыныгы мааниси — өз өткөнүңдү жакшы билүүдө, салт-санааңды аздектеп сактоодо, эне тилиңди барктап баалоодо, өз тагдырыңды өзүң аныктоодо жана өз келечегиңди өзүң куруу мүмкүнчүлүгүн жоопкерчилик менен колдоно билүүдө жатат.

Биздин таянычыбыз — эгемендиктен болсо, түпкү тамырыбыз — көчмөн цивилизациясында.

Ал эми алган багытыбыз эл аралык достук жана өнөктөштүк болсо, келечегибиз өнүккөн, күчтүү, жаңы Кыргызстанда болмокчу.

Биз көчмөндөр оюндарын негиздеген өлкө катары дүйнө жүзүнө тарых-таржымалыбызды таанытып гана тим болбостон, келечекке умтулган заманбап өлкө экенибизди да даңазалап жатабыз. 51 миңден ашуун орундуу мына ушул заманбап «Бишкек Арена» стадионунун ачылышы — буга айкын мисал.

Бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары!

Мындан туура 5 жыл мурун ант берүү аземимде «Жаңы Кыргызстан — өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түпкү келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш» деп баса белгилеп айттым эле. Биз берген убадаларыбыздын көбүн аткарып, ошол Жаңы Кыргызстанды куруп, тикелеп келе жатабыз”, - деди президент.

Садыр Жапаров азыркы күндө өлкөбүз үчүн жетишүүгө мүмкүн эместей көрүнгөн масштабдагы бир топ долбоорлор ишке ашып жатканын тизмектеп өттү.

“Кыргызстандын геосаясий ролу жөнүндө түшүнүктү өзгөртө турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Тарыхый масштабдагы дагы бир долбоор — кубаттуулугу 1860 МВт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушу жигердүү уланууда. Жыл бою толук иштей турган «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушу Кыргызстанды жыл бою саякаттоого ылайыктуу туристик багыт катары эл аралык кадыр-баркын кыйла жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Өлкөнүн финансылык жана инвестициялык системасын өнүктүрүү максатында ушул жылдын 3-чейрегинде Ысык-Көлдүн жээгинде «Тамчы» эл аралык финансылык-инвестициялык аймагын ишке киргиздик. Бул аймак өзгөчө укуктук режимге ээ болуп, англис укугунун негизинде иш жүргүзөт. Биз Тамчыны бир гана инвестициялык аймак катары эмес, эл аралык капиталдарды, заманбап финансылык технологияларды жана инвестициялык фонддорду бириктирген жаңы финансылык борборго айландырып жатабыз.

Кыскартып айтканда, өлкөбүздөгү өсүп-өнүгүүлөргө ички дүң продукциянын өсүү темпи далил.”, - деп айтты мамлекет башчысы.

Ошону менен катар президент быйыл Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганын өзгөчө сыймыктануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров өз сөзүндө «Бишкек Аренада» Көчмөндөр оюндарына старт берилиши менен бирге, спортту атаандаштыруу менен элдердин достугу дагы чыңдаларына токтолду.

“Дал ушул идея Шанхай кызматташтык уюмунун философиясы менен да үндөшүп тургандыгы абдан кубанычтуу.

Кыргызстанда мамлекет башчыларынын жогорку жолугушуусу менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бир мезгилде өтүп жатышында да терең символикалык маани бар. Биринде мамлекеттердин лидерлери сүйлөшүү аркылуу тынчтыктын жана кызматташтыктын жолдорун издесе, экинчисинде дүйнө элдери спорт жана маданият аркылуу бири-бирине жакындашууда. Эң башкысы, бул эки чоң окуянын өзөгүн да адамзаттын эң бийик баалуулугу — тынчтык жана достук турат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматтуу катышуучулары!

Көчмөндөр оюндары — Евразия мейкиндигин байырлаган байыркы көчмөндөрдөн: байыркы хунндардан, байыркы кыргыздардан, байыркы түрктөрдөн, байыркы түргөштөрдөн жана башка көчмөн бабаларыбыздан мураска калган улуу маданият. Мына ушул руханий жана маданий мурас бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу жаңы мазмун менен кайра жаралууда. Бул ирет спорт, маданият жана илим бирдиктүү концепцияга бириктирилди.

Касиеттүү көл кылаасында салттуу музыкадан жана манасчылыктан тартпай, этномодага, кол өнөрчүлүк боюнча сынактардан жана заманбап чыгармачыл долбоорлорго чейинки жүздөгөн маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Илим ийриминде ондогон өлкөлөрдөн чакырылган окумуштуулар чогулуп, көчмөндөр коомчулугунун тарых-таржымалын гана эмес, көчмөн цивилизациясынын генезисин, философиясын, мурасын жана адамзат тарыхындагы ордун талкуулашат. Биз көчмөндөр мурасын жаңы интеллектуалдык жана маданий ресурс катары көрсөтүүгө аракеттенебиз

зор салтанаттын урматтуу катышуучулары жана кадырлуу меймандар!

VI Көчмөндөр оюндары старт алган «Бишкек Арена» жаш муундардын жеңиштеринин жана Кыргызстандын жаңы ийгиликтеринин очогуна айлансын!

Ал эми эгемендигибиздин 35 жылдыгы мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсүнө жаңы дем берсин!

Кыргыз Республикасы келечеги кең, эркиндиги түбөлүктүү өлкө болсун!

Эмесе, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачык деп жарыялайм!”, - деди Садыр Жапаров.