Садыр Жапаров 92 студентке президенттик стипендия тапшырды

Президент 989 31 Октябрь 2025 11:38
24746f97-6619-4eb1-8f86-8be36843b3ea.jpg
f5a59abb-faeb-4489-a2d3-0b180c6058d4.jpg
09c3b840-0042-45c5-80b2-6251b217aed5.jpg
6f025a10-308a-4fb0-9385-b3db25e7ac79.jpg
aa6e6eae-0688-4a1f-b640-76271a48d0ab.jpg
c46911ea-539d-4c78-9afb-a5ea65da6891.jpg
bb74753c-5f7a-4905-b9de-726e5bcad76b.jpg
e428c3d1-b8f0-444d-8cc8-874f551cc38f.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.10.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн “Ынтымак Ордодо” жогорку окуу жайлардын өзгөчөлөнгөн мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

Мамлекет башчысынын колунан стипендияны өлкө боюнча 92 студент алды.

Сыйлыкка татыган ар бир студентке президенттин мактоо баракчасы жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия берилди.

“Бул залда отурган ар бир стипендиат — өз кесибинин мыктысы болууга умтулган, мекенине кызмат кылууга даяр, жаңыча ой жүгүрткөн жаңы муундун өкүлү деп билем. Силердин бул жетишкендигиңер — агартуучуларыңардын, ата-энеңердин талыкпаган эмгегинин жана өзүңөрдүн билим алууга болгон ынтызарлыгыңардын үзүрү. Бүгүн алган стипендияңыз — буга чейинки эмгегиңизди баалоо гана эмес, келечекте мыкты инсан жана өз ишинин адиси болууга чакырык”, — деди Садыр Жапаров.