Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун эли менен жолугушууда күнүнө төрт эле саат уктап жатканын билдирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысы кабылдамасына барып кире албай калган жарандын суроосуна жооп берип жатып, иш убактысы бөлүштүрүлгөндүктөн келген бардык каалоочулар менен жолугушууга мүмкүнчүлүк жок экенин айтты.
"Көйгөйү бар ар бир адамды жеке кабыл ала албайм. Менин атайын бекитилген иш графигим бар. 24 сааттын 4 саатын гана уктап, калган 20 саатымды жумушка жумшасам да жетишпей жатам. Силер жети миллионсуңар, мен жалгызмын", — деди мамлекет башчысы.