Президент жумушчу сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барат

Президент Загрузка... 29 Август 2025 10:08
3374230.60478db5331f4ca36a43e7041d834665.jpg
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Президенттин жумушчу сапарынын жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча социалдык, өнөр жай объекттеринин ачылышы офлайн жана онлайн форматта өтөт.

Ошондой эле 30-августта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын салтанаттуу ачылышы болот.

Объекттердин ачылышы КТРК, ЭлТР телеканалдарынын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.