Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Өлкөдө мектеп көйгөйү 2027-жылдын аягына чейин толугу менен чечилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, бекитилген план боюнча 2027-жылы 111 мектеп жана 44 райондук же шаардык оорукананын курулушу аягына чыгат. Мындан тышкары, президент билим берүүнүн сапаты республикалык тестирлөө жана олимпиадалардын жыйынтыгы менен өлчөнөрүн баса белгиледи.
"Бул өңүттөн алып караганда, республика боюнча эң жогорку 239 упайды Баткенден Сезимай Акматова кызыбыз, 230 упайды Айзирек Муратова кызыбыз алып, "Алтын сертификатка" ээ болушуптур. Облус боюнча 33 окуучу 200дөн жогору балл алыптыр. Мындан сырткары, республикалык, эл аралык олимпиадаларда жеңиштерге жеткен бир топ окуучулар бар экен. Облустар арасында мындай жетишкендиктерди камсыз кылган агай-эжейлерибизге ыраазычылык билдире кетейин", — деди Садыр Жапаров.