Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Францияда 1 шайлоо тилкеси ачылып, учурда добуш берүү башталды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз билдирди.
Анын айтымында, Францияда болжол менен 1 миң 500 кыргыз жараны жашайт.
“Шайлоо тилкеси Париж шаарында ачылган, анткени кыргыз жарандарынын басымдуу бөлүгү ушул шаарда жашайт. Буга чейинки шайлоолордо 80ге жакын жаран катышчу. Бул жолу шайлоочулардын саны 100дөн ашат деп күтүп жатабыз”,- деп белгиледи элчи.