Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз1969-жылы 10-мартта Талас облусунун Чоң-Капка айылында жарык дүйнөгө келген. Бүгүн анын туулган күнү. «Кабар» маалымат агенттигинин жамааты аны өздүк майрамы менен куттуктап, бекем ден-соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.
Садык Шер-Нияз негиздеген же кошо негиздешкен эл аралык фестивалдардын жана сыйлыктардын тизмеси:
- Эл аралык “Айтыш” фестиваль-сынагы – 2002-жылдан бери (23 жыл).
- Борбордук Азиядагы эң ири оозеки элдик өнөр фестивалы.
- 2003-жылы ЮНЕСКО акын-импровизаторлордун өнөрүн адамзаттын материалдык эмес мурастарынын шедеври деп тааныган.
- 2004-жылы ЮНЕСКОнун Башкы директору Коичиро Мацуура Бишкек шаарында “Шедевр” сертификатын тапшырып жатып, Садык Шер-Нияздын Айтыш өнөрүн таанытуудагы эмгегин баса белгилеген.
- 2015-жылы Айтыш өнөрү Кыргызстан жана Казахстан тарабынан ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастардын репрезентативдик тизмесине киргизилген.
- “Кыргызстан – Кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы – 2011-жылдан бери (14 жыл).
- КМШ, Балтика жана Грузиянын жаш кинорежиссерлору үчүн эл аралык аянтча.
- Жүздөгөн катышуучуларды тартат жана көз карандысыз киноиндустриянын өнүгүшүнө көмөктөшөт.
- “Ак Илбирс” Улуттук кино сыйлыгы – 2012-жылдан бери (13 жыл). А. Сүйүндүков, А. Арым Кубат, М. Сарулу, Н. Абдыкадыров, Э. Абдыжапаров, Т. Бирназаров, Т. Кулмендеевдер менен чогуу негизделген.
- Кыргызстандагы башкы кино сыйлыгы, Борбордук Азия аймагын камтыйт.
- Фильмдер, режиссерлор жана актерлор үчүн номинацияларды камтыйт.
- Жеңүүчүлөрдүн катарында Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген кинематографисттер бар.
- “Эргүү” улуттук театр сыйлыгы. 2014-жылы негизделген. Жыл сайын тапшырылып келет. Сыйлык менен Орто Азиянын театр чеберлери да сыйланышат. Ж. Кулманбетов жана Т. Сманбеков менен чогуу негизделген.
- Asian World Film Festival (AWFF) – 2015-жылдан бери (10 жыл) Лос-Анджелесте (АКШ) өткөрүлөт.
- Ар кайсы жылдары Голливуддун “Алтын глобус” сыйлыгын уюштурган HFPA (Hollywood Foreign Press Association) менен өнөктөш болгон. Variety, The Hollywood Reporter, IndieWire, Los Angeles Times жана башка эл аралык ЖМКларда чагылдырылган.
- Cinema Heritage Film Festival – 2023-жылдан бери өткөрүлүп келет. К. Тойчубаев менен кошо негизделген.
- Парижде ЮНЕСКОнун колдоосу менен өткөрүлүүчү эл аралык фестиваль.
- Дүйнөлүк кино мурасын сактоого арналган.
- Patrimoine Musical Festival – Биринчи иш-чара 2025-жылдын 7-мартында Парижде ЮНЕСКОнун чоң жыйын залында өткөрүлдү. Ж. Акматова жана Э. Султаналиева менен чогуу негизделген.
- Париждеги эл аралык музыкалык фестиваль.
- Маданий музыкалык мурастарды сактоого багытталган.
- Дүйнөлүк деңгээлдеги атактуу музыканттардын катышуусу менен өтөт жана жыл сайын уюштурулушу пландалууда.