Садык Шер-Нияз 2 эсе арзан 5 эсе бат курулган үй ойлоп тапты

Коом Загрузка... 30 Январь 2026 17:00
kak-poluchit-razreshenie-na-stroitelstvo-doma2.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. “Кабар подкасттагы” маегинде Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз 2 эсе арзан 5 эсе бат курулган үй ойлоп тапкандыгын билдирди.

Анын айтымында, үй жыгачтан жасалат. Дубалы 6 саатта тургузулат.

"15 жыл өмүрдү сарптабай, 1 жыл эле убакытты кетирип, калган убакытты билимге, илимге, жаңы нерсени үйрөнүүгө жумшаганга көнүшүбүз керек. Үй курат десе эле, кирпичтен эки кабаттуу үй куруу маанилүү эмес азыркы заманда. Анткени сиз жашаган жерге көп жылдан кийин көп кабаттуу үй курулуп калышы мүмкүн. Үйдү заңгыратып эмес, чакан кылып куруп алып, калган тыйынды саякатка жумшооңуз мүмкүн. Азыр үй курууда философияны өзгөртө турган кез келди. Мына ошол философияга жооп бере турган менин ыкмам боз үйдөн үлгү алынган, тез, мыкты, жаңы технологиялардан артта калбагандыгы менен айырмаланат. Дубалы алты саатта тургузулат. Үй жыгачтан жасалган моноблоктордон куралат", - деп түшүндүрдү ал.