Саат 08:00гө карата чет өлкөлөрдө 620 шайлоочу добуш берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Кыргызстандан тышкаркы аймактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо активдүү уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата Россия, Япония, Корея, Кытай, Малайзия жана Монголияда түзүлгөн 22 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүүдө.

Азыркы учурда Кыргызстандын добуш берген жарандарынын саны 620 адамды түздү. Добуш берүү процесси штаттык тартипте өтүп жатат.

Жакынкы убакта башка чет өлкөлөрдөгү калган шайлоо участокторунун ачылышы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.