Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. “Россия-Ислам дүйнөсү” стратегиялык көз караш тобунун төрагасы, Татарстан раиси Рустам Минниханов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Ушул жазгы күндөр менен келген ойгонуу, жаңылануу жана жашоо кубанычынын руху адамдардын жүрөгүнө жакшы үмүт жана келечекке болгон ишенимди толтурсун, жаратмандык энергияны алып келсин жана ийгиликке бай болсун. Сизге жана бүткүл Кыргызстан элине чын дилимден ден соолук, бакыт жана баштаган бардык иштериңизге ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.