Россиянын соода түйүндөрү Кыргызстандын продукцияларын сатып алууга кызыкдар

Экономика 1121 05 Март 2025 14:00
photo_5350316017500415080_w.jpg
3a9f4200-b127-49f5-b256-3024d0b512bf.jpg
9599bd61-e28c-4ed3-b5f8-8a0e9ba814b7.jpg
39354111-4fdb-43fd-99d5-2b826b9187cf.jpg
photo_5350316017500415078_w.jpg
photo_5350316017500415079_w.jpg
photo_5350316017500415085_w.jpg
photo_5350316017500415084_w.jpg
photo_5350316017500415083_w.jpg
photo_5350316017500415081_w.jpg
photo_5350316017500415088_w.jpg
photo_5350418357981145009_w.jpg
photo_5350418357981145010_w.jpg
photo_5350418357981145011_w.jpg
photo_5350418357981145012_w (1).jpg
photo_5350418357981145012_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5350316017500415080_w.jpg
3a9f4200-b127-49f5-b256-3024d0b512bf.jpg
9599bd61-e28c-4ed3-b5f8-8a0e9ba814b7.jpg
39354111-4fdb-43fd-99d5-2b826b9187cf.jpg
photo_5350316017500415078_w.jpg
photo_5350316017500415079_w.jpg
photo_5350316017500415085_w.jpg
photo_5350316017500415084_w.jpg
photo_5350316017500415083_w.jpg
photo_5350316017500415081_w.jpg
photo_5350316017500415088_w.jpg
photo_5350418357981145009_w.jpg
photo_5350418357981145010_w.jpg
photo_5350418357981145011_w.jpg
photo_5350418357981145012_w (1).jpg
photo_5350418357981145012_w.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Ташкент, 05.03.25. /Кабар/. Россиянын Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Василий Козлов жетектеген расмий делегация Кыргызстандын бир катар ишканаларын кыдырды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, келген делегациянын курамында агроөнөр жай комплекси жана керектөө рыногы министри, ошондой эле Свердлов облусунун рыногун азык-түлүк менен камсыздоодо кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар болгон аймактык компаниялардын жана ишканалардын өкүлдөрү бар.

Свердлов облусунун делегациясы төмөнкүдөй компанияларды алып келген:

-  "ПродИмпекс" ЖЧК;
-  "Эко Фармер" ЖЧК;
- "Бай Элим" ЖЧК.

Кыдыруунун жүрүшүндө компаниялар Екатеринбургдун соода түйүндөрүн азык-түлүк менен камсыздоо боюнча узак мөөнөттүү өнөктөштүк маселелери талкууланды. Конкреттүү келишимдерди түзүү максатында Россиянын соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Россия тараптын “Доктор Аппетит” СҮ ( “Верный”соода түйүнү), “Продовольственная компания” ЖЧКсы, “ТК Меридиан” ЖЧКсы, “Флагман” жана ТПК “Бест” ЖЧКлары сыяктуу соода түйүндөрү жаңы жана кайра иштетилген жашылча – мөмөлөрдү, жаңгактарды жана буурчактарды сатып алууга кызыкдар экендиги белгилүү болду.