Россияга товар жөнөткөн тигүүчүлөрдүн маселеси менен иштөөчү штаб түзүлдү – Касымалиев

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Декабрь 2025 23:30
1_730x0.730x0.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Экономика министрлигинде Россияга товар жөнөткөн тигүүчүлөрдүн маселеси менен иштөөчү штаб түзүлгөнүн министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев телеканалдарга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Россия тыштан келген товарларды текшерүүнү күчөткөндүгүнө байланыштуу ага түшүнүү менен кароо керек.

"Текшерүү күчөтүлгөндүктөн Казакстан менен Россиянын чек арасында унаалар топтолуп калган көрүнүш бар. Жерине Экономика министрлигинен делегация жөнөтүлүп, чек арадагы абалды көрүп келишти. Ошондой эле министрликте штаб түзүлүп, ар бир фактыны бизге жеткирүүдө. Биз россиялыктар менен байланышып, маселени чечип жатабыз", - деди Касымалиев.

Ал бирдиктүү оператор түзүү каралып жатканын, ал аркылуу бизден барган товарларды өткөрүү жеңил болорун белгиледи.

Мындан тышкары, Ozon менен Wildberries маркетплейстеринде кошумча нарк салыгы киргизилгенин айтты.

"Акчаны ким төлөйт деген маселе болгон. Маркетплейстер салык агенти болууга даяр. Каражатты өздөрү төлөп, товарды сатып алгандарга суммасы кошулуп берилет. Бул маселе Озондо чечилди, ал эми Wildberries`те эми чечилет", - деди өкмөт башчысы.

Ошондой эле Касымалиев президент тигүү тармагын колдоого тапшырма бергенин, өкмөт жеңилдиктерди карап жатканын кошумчалады.