Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Россиянын Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасындагы кырсыктан соң Кыргызстандын жарандарына байланыштуу кырдаал көзөмөлдө болууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте кырдаалды көзөмөлгө алып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш алып барууда.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, жабыркагандар жеткирилген медициналык мекемелерден маалымат алышкан. Ошондой эле кампада иштеген кыргызстандык жарандар менен жолугушуп, аларга керектүү түшүндүрмөлөр берилген.
Белгиленгендей, кырсыктан Кыргызстандын 2 жараны жабыркап, ооруканага жаткырылган. Алардын бири дарылануудан кийин үйүнө чыгарылган.
Министрлик Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен биргеликте жарандардын абалын көзөмөлдөөнү жана зарыл жардам көрсөтүүнү улантууда.