Россия кирүү жана чыгуу эрежелерин өзгөртүү боюнча эксперимент жүргүзүүнү пландоодо - Эмгек министрлиги

Саясат Загрузка... 13 Март 2025 13:52
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Россия кирүү жана чыгуу эрежелерин өзгөртүү боюнча эксперимент жүргүзүүнү пландоодо. Бул тууралуу маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Анын айтымында, эксперимент бардык чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына да тиешелүү. Ал төмөнкүдөй эки этап менен өтөт:

  • 2024-жылдын 1-декабрынан 2025-жылдын 30-июнуна чейин – Москвадагы эл аралык аэропорттордо жана Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда чет өлкөлүктөрдүн биометрикалык маалыматтары алынат;
  • 2025-жылдын 30-июнунан 2026-жылдын 30-июнуна чейин – биринчи этаптагы талаптарга кошумча түрдө, визасыз режимде кирген чет өлкөлүктөр алдын ала “Госуслуги” мобилдик тиркемесине катталып, кирүү үчүн арыз бериш керек болот.

“Эгерде бул эксперимент туруктуу негизде колдонулуп калса, Россияга кирүү жана чыгуу шарттары визалык режим түрүндө болуп калуусу мүмкүн. Бул Беларусь өлкөсүнүн жарандарына, дипломатиялык кызматкерлерге, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө жана 6 жашка чейинки балдарга тиешелүү эмес”,-деди ал.