Роналдунун Сауд Аравиядагы футбол келишими 30-июнда аяктайт

Спорт Загрузка... 27 Май 2025 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. "Аль-Насрдын" жана Португалиянын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Сауд Аравияда футбол чемпионаты жыйынтыкталгандыгын жазды.

Күн мурун "Аль-Наср" "Аль-Фатехка” 2:3 эсебинде утулуп, сезонду үчүнчү орун менен жыйынтыктады. Роналду оюнда бир гол киргизди. Португалиялык спортчу Сауд Аравиянын чемпионатында эки сезон катары менен мыкты чабуулчу аталды. Анын келишими 30-июнда аяктайт.

ЖМКлар буга чейин Роналдунун бразиялык командалардын бирине өтөрүн, АКШда июнь айында өтө турган клубдардын дүйнөлүк чемпионатында ойной тургандыгы мүмкүн экендигин кабарлашкан.

Учурда Роналду 40 жашта. Ал Португалиянын курама командасынын мүчөсү катары Европанын чемпиону. "Алтын топтун" беш жолку ээси. Роналду "Аль-Насрга" чейин португалиялык "Спортинг", англиялык "Манчестер Юнайтед", испаниялык "Реал" жана италиялык "Ювентус" футболдук клубдарынын атынан ойногон.