Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов камалды

Коом 20 февраль 2026 12:40
Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов камалды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Райондук соттон “Кабар” агенттигине маалымдашкандай, Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысы – ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылды.

Айбек Ташматов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (“Коррупция”) кылмышты жасоого айыпталууда.

Ал 15-апрелге чейин камакта болот.