Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстандагы тогуз кыргыз-орус мектебин куруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерди түзүү жөнүндө макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү кеңири талкууланды.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жаңы мектептерди куруу үчүн бардык тогуз жер тилкелеринин документтерин аныктоо жана тариздөө иштери аяктагандыгы тууралуу маалымат беришти.
Мындан тышкары, 2025-жылга республикалык бюджетте тышкы инженердик тармактарды курууга жана билим берүү мекемелерин курууга жер тилкелерин даярдоого каражат каралганы айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев белгиленген бардык иш-чараларды өз убагында жана так аткаруу зарылдыгын белгиледи. Ал кечигүүлөр жана бюрократиялык кагаздар үчүн жеке жоопкерчиликти эскертип, ошондой эле ишенимдүү жана квалификациялуу подрядчыларды тандоого өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Ошондой эле бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу КР президентинин жана министрлер кабинетинин төрагасынын өзгөчө көзөмөлүндө жана Россиянын менен билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон маанилүү салым катары караларын белгиледи.