Республикада 38 миң жаран гепатитке каршы вакцинанын экинчи дозасын алган эмес

Ден соолук Загрузка... 03 Март 2025 16:26
1053215847_0_166_3132_1928_1920x0_80_0_0_7735f54c3cfb31e21bbea72376627996.jpg
copyright icon www

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда 38 миң жаран гепатиттин экинчи дозасын ала элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде өлкөнүн башкы гепатолог дарыгери Сапарбү Тобокалова билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын июнь айына карата 118 миң жаран гепатитке каршы биринчи вакцинаны алышкан. Иммунитетке жетүү үчүн вакцинаны бир нече жолу алуу керек – экинчи дозасын бир айдан кийин, үчүнчүсүн алты айдан кийин.

«Биздин кызматкерлер бейтаптар вакцинанын экинчи дозасын алат деп күтүп жатышканда, биринчи вакцинаны алган жарандар келбей коюшкан. 38 миң жаран гепатитке каршы экинчи вакцинаны алган эмес. Экинчи дозасын албаган адамдарда гепатитке каршы иммунитет пайда болбойт. Ошондой эле биринчи вакцинага кеткен акча жөн эле ысырап болот",-деди гепатолог.

Ошондой эле учурда вакцина өлкөгө жеткирилбей жаткандыктан эмдөө токтотулганы кошумчаланды.