Рекорддук көрсөткүч: Курулушка 170 млрд сомдон ашык инвестиция тартылды

Министрлер кабинети 04 Март 2026 14:50
69a7ec6f04c74-thumb.jpg
69a7ec2ac263e-thumb.jpg
69a7ec3d92b49-thumb.jpg
69a7ec4e8a756-thumb.jpg
69a7ec5a6be2d-thumb.jpg
69a7ec5e80c99-thumb.jpg
69a7ec356bf6e-thumb.jpg
69a7ec694f86c-thumb.jpg
69a7ec985a126-thumb.jpg
69a7ec5446dea-thumb.jpg
69a7ec6207d80-thumb.jpg
69a7ec7230b3c-thumb.jpg
69a7ec7954d52-thumb.jpg
69a7ec3872069-thumb.jpg
69a7ec4252914-thumb.jpg
69a7ed6f88a92-thumb.jpg
Алдыга
Артка
69a7ec6f04c74-thumb.jpg
69a7ec2ac263e-thumb.jpg
69a7ec3d92b49-thumb.jpg
69a7ec4e8a756-thumb.jpg
69a7ec5a6be2d-thumb.jpg
69a7ec5e80c99-thumb.jpg
69a7ec356bf6e-thumb.jpg
69a7ec694f86c-thumb.jpg
69a7ec985a126-thumb.jpg
69a7ec5446dea-thumb.jpg
69a7ec6207d80-thumb.jpg
69a7ec7230b3c-thumb.jpg
69a7ec7954d52-thumb.jpg
69a7ec3872069-thumb.jpg
69a7ec4252914-thumb.jpg
69a7ed6f88a92-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин коллегиясына катышты.

Коллегиялык жыйындын алдында минкаб төрагасы борбор калаада жайгашкан Курулуш министрлигине караштуу Республикалык курулушту сертификациялоо борборунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Курулуш министрлигинин имаратынын алдындагы аянтчада министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө жана көчмө курулуш лабораторияларына арналган унааларды карап чыкты.

Коллегияда курулуш тармагынын жыйынтыгы жана министрликтин акыркы жылдардагы ишмердүүлүгү каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө курулуш тармагы туруктуу позитивдүү өсүштү көрсөтүп жатканын жана өлкөнүн экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бири экендигин белгиледи.

"2025-жылы курулуш тармагындагы ички дүң продукциянын көлөмү 2019-жылдагы 58,5 миллиард сомго салыштырмалуу 438,5 миллиард сомду түздү. Ошентип, тармак алты жылда сегиз эсеге өстү", - деп белгиледи минкаб төрагасы.

Ал ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы боюнча Кыргызстандын курулуш тармагындагы өсүш 2024-жылы 31%дан ашканын, бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экенин кошумчалады.

Маалымдалгандай, 2021-жылдан бери мамлекет тарабынан курулуш тармагына 170 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылып, рекорддук көрсөткүчкө жетишүү жана 936 социалдык объектинин курулушун бүтүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Социалдык инфраструктурага капиталдык салымдар да кыйла өстү: 2021-жылы 2,7 миллиард сом инвестицияланган болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 13,2 миллиард сомго жетти.

Ошону менен бирге Адылбек Касымалиев жетишилген жыйынтыктарга карабастан тармакта бир катар системалуу көйгөйлөр сакталып жатканын белгиледи.

Тактап айтканда, ал архитектура жана курулуш тармагындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү, Шаар куруу кодексинин долбоорун иштеп чыгууну тездетүү жана министрликтин иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо зарылдыгын белгиледи.

Минкаб төрагасы ошондой эле турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көп батирлүү турак жайларды курууга мамлекеттик каржылоого көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын талкуулады.

Кеңешменин жыйынтыгында Адылбек Касымалиев министрликке мыйзамдарды өркүндөтүүгө, курулуш тармагындагы ачыктыкты жогорулатууга, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн механизмдерин күчөтүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Соңунда минкаб төрагасы жарандар жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бюрократиялык процедураларды кыскартуу, министрликтин ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле жетишилген натыйжаларды эске алуу менен Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин ишине “жакшы” деген баа берилгенин айтып, ошону менен бирге тармакты мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.