Экологиялык рейд: Ысык-Көлдөн 500 метрге жакын тор чыгарылды

Экология 16 Апрель 2026 11:41
670478850_947252831261180_5174173390218360152_n.jpg
670351992_947252807927849_2668646285987563709_n.jpg
Алдыга
Артка
670478850_947252831261180_5174173390218360152_n.jpg
670351992_947252807927849_2668646285987563709_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Күн мурун, 15-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Көлдүн акваториясын тазалашты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейдде көлдөн узундугу 500 метрге жакын эски синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды.

"Мындай торлор суудагы биоресурстарга олуттуу коркунуч келтирет. Алар балыктардын жана көлдүн башка жандыктарынын кырылышына алып келет, ошондой эле сууну булгайт", – деп айтылат маалыматта.

Министрлик жарандарды жана туристтерди курчап турган чөйрөгө аяр мамиле жасоого жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого чакырат.