Раззаков айылында ФАП жана футбол аянтчасы курулат

Аймак 1226 09 Апрель 2026 09:17
662874925_1489066645920119_9088286885917958877_n.jpg
666782726_1489066985920085_7046535829660309984_n.jpg
668537933_1489066992586751_3959951451136429765_n.jpg
668515243_1489066329253484_8694003215779167312_n.jpg
666472488_1489066419253475_4199842512640593933_n.jpg
665878266_1489066695920114_635679434237841287_n.jpg
668532180_1489066412586809_7553284101068770902_n.jpg
669619110_1489066709253446_6979697616770749649_n.jpg
668786841_1489066342586816_6075120587485657422_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарына көчүрүлгөн тургундар менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, чек ара аймактарынан көчүрүлгөн жарандар үчүн мамлекет тарабынан Раззаков айылына 60, ал эми Максат айылына 16 үй курулуп, пайдаланууга берилген.

Облус башчысы жаңы конуштардагы инфраструктуралык иштердин жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Учурда Раззаков айылында сметалык баасы 82 млн сомду түзгөн 75 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле сугат суу системасы да тартылууда.

Мындан тышкары, облус жетекчиси жакынкы убакта айылга фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) куруларын, бул боюнча инвесторлор менен макулдашуу жетишилгенин билдирди. Ошондой эле кичи футбол аянтчасын куруу да пландалууда.