Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын грек-грим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Балбан 67 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/4 финалдык беттеште Индиялык Нирадж Нираджды 11:7 эсебинде жеңди. Буга чейин жарым финалдык беттеште жапониялык балбанын уткан.
Алтын медаль үчүн беттеште ирандын балбанын утулуп, жыйынтыгында Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.