Путин Бишкекте: жылуу тосуп алуу, сүйлөшүүлөр жана жаңы келишимдер

Аналитика Загрузка... 26 Ноябрь 2025 18:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Россия президенти Владимир Путин үч күндүк иш сапары менен Бишкекке келди. Албетте бул визит региондогу дипломатиялык күн тартибиндеги эң көп күтүлгөн окуялардын бири. Жолугушуу эки өлкөнүн мамилесинин мүнөзүн баса белгилеген атмосферада башталды. Садыр Жапаров россиялык лидерди «Манас» аэропортунда учактан өзү тосуп алды. Аба майданында эки өлкөнүн желектери, Ардак күзөт жана улуттук салттарды камтыган концерттик программа уюштурулду.

IMG_3084_w2TLz.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Расмий аземден кийин мамлекет башчылары Өчпөс отко гүлчамбар коюу үчүн Жеңиш аянтына барышты. Андан соң жетекчилер «Ала-Арча» резиденциясында камерасыз, расмий билдирүүлөрсүз бейформал сүйлөшүү өткөрүштү.

52717659705129.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Саясат таануучулардын божомолунда, өзгөрүп жаткан эл аралык кырдаалда президенттер глобалдык маселелерди гана эмес, Кыргызстан менен Россиянын келечектеги келишимдерин, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарына тиешелүү социалдык маселелерди — коопсуздук, иш менен камсыздоо, билим берүү, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Владимир Путин менен кошо Кыргызстанга келген россиялык делегациянын курамы Москванын Бишкек менен мамилелерди көп тармактуу жана терең деңгээлде чыңдоого ниеттенип жатканын айкын көрсөтүп турат. Делегациянын курамы визиттин формалдуу эмес экенин, Кремль сүйлөшүүлөрдү жеке көзөмөлдөп, узак мөөнөттүү келишимдерди бекемдөөгө даяр экенин билдирүүдө.

Экономика, транспорт, энергетика, илим, саламаттык сактоо министрлеринин жана Роспотребнадзор жетекчисинин катышуусу инфраструктурадан жана энергетикадан тартып медицина, илим жана миграцияга чейин кеңири практикалык макулдашуулар даярдалып жатканын далилдейт.

3486106.b21bb6e6cbc.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Ички иштер министри Владимир Колокольцевдин катышуусу мыйзамсыз миграция менен күрөш, эмгек мигранттарынын статусун жөнгө салуу, процедураларды жеңилдетүү, мыйзамдуулукту көзөмөлдөө жана мигранттардын укуктарын коргоо маселелери каралышы мүмкүндүгүн көрсөтөт. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматташуусун күчөтүү — киберкылмыштуулук, баңгизат трафиги, трансулуттук кылмыштуулук, маалымат алмашуу жана кылмышкерлерди издөө маселелери талкууланары күтүлөт. Бул коопсуздук, миграция жана укук коргоо жаатындагы маселелер эки тараптуу мамиленин приоритеттүү бөлүгү экенин билдирет.

Элвира Набиуллина жетектеген каржы блогунун катышуусу улуттук валюталарда эсептешүү, банк системаларынын интеграциясы жана мигранттык которууларды коргоо сыяктуу темалар көтөрүлөрүн аңдатып турат. «Росатом» башчысы Алексей Лихачёвдун келиши ядролук технологияларды кошкондо олуттуу энергетикалык долбоорлор талкууланарын билдирет. Бул тараптар өнөр жай кооперациясы, энергетика, илимий кызматташуу жана санариптештирүү боюнча конкреттүү долбоорлорго багыт алганын түшүндүрөт.

Ишкерлер Роман Абрамович жана Пётр Фрадковдун катышуусу дагы символикалык мааниге ээ: бул орус жеке капиталы Кыргызстанды келечектүү инвестициялык аянтча катары көрүп жатканын билдирет.

Жалпысынан делегациянын курамы Путиндин Бишкекке сапары протокол эмес, стратегиялык кадам экенин көрсөтөт. Москва экономикалык, коргонуу жана гуманитардык кызматташууну кеңейтүүгө даяр болуп, Кыргызстанды Борбор Азиядагы негизги союздаш катары кароодо.

«Россия Кыргызстан үчүн ар дайым стратегиялык союздаш, ишенимдүү өнөктөш жана жакшы дос болуп келген жана болуп жатат, жана албетте, биз боордош Россия менен бекем, көп кырдуу мамилелерди дайыма жогору баалайбыз», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров жолугушууда.

52762942103677_l83yVHb.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Ал Россия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калып жатканын, ал эми Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтык көп багыттагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткандыгын белгиледи.

«Сиздин жетекчилигиңизде Кыргызстан ички саясат жагынан туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш болуп саналат. Бул биздин эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги шарттарынан бири», — деди Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып.

photo_5276294210367721298_y.jpg

Владимир Путин жана Садыр Жапаров Бишкектеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тез өзгөрүп жаткан дүйнө шартында союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

photo_5276294210367721185_w.jpg

Буга чейин да Кыргызстан менен Россия билим берүү, экономика, саламаттык сактоо, миграция, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук, эки тараптуу аскер-техникалык кызматташуу жана почта кызматтары боюнча бир катар маанилүү өкмөттөр аралык жана коммерциялык документтерге кол койгон.

Миграциялык саясат өзгөчө көңүл борборунда. Кыргызстандын он миңдеген жараны Россияда эмгектенет, бул жааттагы ар бир өзгөрүү алардын үй-бүлөлөрүнүн турмушуна түз таасир этет. Визиттин жүрүшүндө миграциялык саясат жана Россияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын укуктарын коргоо маселелери да каралды.

“Биздин мекендештерибиздин Россиянын аймагында мыйзамдуу болушуна, аларга ар тараптуу эмгек шарттары жана каралган социалдык кепилдиктерди камсыз кылууга болгон эки тараптуу кызыкчылыкты тастыктадык. Бул маанилүү багытта компетенттүү министрликтерибиз аркылуу кызматташууну мындан ары улантууга макулдаштык,”- деди Садыр Жапаров ЖМКга берген билдирүүсүндө.

photo_5276294210367721301_y.jpg

Кыргызстан менен Россиянын бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү боюнча келишим региондук коопсуздуктун кепилдиги катары бааланууда. Ошондой эле Россия Канттагы аскердик базасын иштетүүнү улантып, ЖККУ алкагындагы биргелешкен машыгууларга катышууда.

Россия Кыргызстан үчүн башкы соода өнөктөш бойдон калууда: ЕАЭБ алкагындагы мүчөлүк жалпы рынокко кеңири мүмкүнчүлүк берип, мигранттык которуулар жыл сайын бир нече миллиард долларды түзөт. Маданий чөйрөдө да кызматташтык уланууда — билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланыштар, тажрыйба алмашуу программалары жана гуманитардык долбоорлор кеңейүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар союздаштык мамилени чыңдоону жана экономикадан тартып медицинага, коргонууга чейин практикалык кызматташууга багытталган жаңы келишимдерди бекитишти.

“Сиздин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик визитиңиздин жыйынтыктары кыргыз-россиялык мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө оптимисттик көз караш менен кароого мүмкүндүк берет.

Сиздин визитиңиз кыргыз-россия союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өзгөчө бекемдигин дагы бир жолу тастыктап, алардын мындан ары тереңдешине олуттуу түрткү берди» - деди жыйынтыгында Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путинге кайрылып.