ABank 30 жылдык мааракесин белгилөөдө: Ийгиликтер жана финансылык көрсөткүчтөр

Бизнес Загрузка... 06 Июль 2026 13:25
IMG_6603.PNG
copyright icon "ABank " басма сөз кызматы

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. ABank өзүнүн 30 жылдык тарыхын белгилөөдө. Бул аралыкта банк Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынан Кыргызстандын эң ири универсалдуу банктарынын бирине чейин өнүгүү жолун басып өтүп, өлкөнүн каржы системасын, экономикасын өнүктүрүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого олуттуу салым кошуп келет.

Бүгүнкү күндө ABank Кыргызстандын банк системасында негизги көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы орундарды ээлейт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча банк мамлекеттик бюджетке дээрлик 7 млрд сом өлчөмүндө дивиденд которуп, өлкөнүн банк секторунун тарыхындагы эң ири көрсөткүчтөрдүн бирине жетишкен.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын негизги финансылык көрсөткүчтөрү:

  • активдер — 270,315 млрд сом;
  • кредиттик портфель — 104,499 млрд сом;
  • депозиттик портфель (Ислам терезесин эске алуу менен) — 166,033 млрд сом;
  • өздүк капитал — 82,901 млрд сом;
  • милдеттенмелер — 187,414 млрд сом;
  • таза пайда — 2,766 млрд сом.

Көрсөткүчтөр КРУБ стандарттарына ылайык келтирилген.

Негизги финансылык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшү банктын ишенимдүү бизнес-моделин, кардарлардын жогорку ишенимин жана Кыргызстандын экономикасын каржылоодогу системалык ролун айгинелейт. Банктын жогорку ишенимдүүлүгү эл аралык узак мөөнөттүү “B+/B” кредиттик рейтинги менен да ырасталган. Бул банктын жетиштүү капиталдаштырылганын, ликвиддүүлүгүнүн туруктуулугун жана өз милдеттенмелерин өз убагында аткаруу жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт.

Эл аралык стандарттарды жетекчиликке алган ABank ESG принциптерин ырааттуу ишке ашырып, корпоративдик башкарууну өркүндөтүүдө, жоопкерчиликтүү каржылоо практикасын кеңейтүүдө, социалдык демилгелерди колдоодо жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптик жеткиликтүүлүгүн өнүктүрүүдө.

Банк чакан жана орто бизнести, айыл чарбасын, экспортту, кайра иштетүү өнөр жайын, аймактарды өнүктүрүүнү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун колдоого багытталган 14 мамлекеттик жеңилдетилген кредиттөө программасын ишке ашырууга активдүү катышууда.

Банктын стратегиялык багыттарынын бири болуп исламдык каржылоону өнүктүрүү саналат. Аталган финансылык продукттар бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарындагы кардарларга жеткиликтүү.

ABank эл аралык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүп, дүйнөнүн алдыңкы каржы институттары менен кеңири корреспонденттик байланыштар тармагына ээ. Бул эл аралык эсептешүүлөрдү, анын ичинде дүйнөлүк негизги валюталар боюнча SWIFT системасы аркылуу жүргүзүлүүчү операцияларды ишенимдүү камсыздоого, ошондой эле кардарлардын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн натыйжалуу тейлөөгө мүмкүндүк берет.

Банктын аймактык тармагы 41 филиалды, 58 сактык кассасын, 25 кошумча кеңсени жана 4 мобилдик кассаны камтып, Кыргызстандын бардык аймактарында кызмат көрсөтөт.

Бүгүнкү күндө ABank ири кардарлар базасын тейлейт жана кардарлардын саны, банктык карталарды чыгаруу көлөмү, санариптик кызматтарды колдонуу деңгээли боюнча Кыргызстандын банк секторунун лидерлеринин бири болуп саналат.

ABankтын Башкармалыгынын төрагасы Т.Б. Алимджанов:

Өнүгүүнүн 30 жылы биздин кардарлардын ишениминин, командабыздын кесипкөйлүгүнүн жана үзгүлтүксүз алдыга карай өнүгүүнүн тарыхы. Бүгүнкү күндө ABank санариптик технологияларга инвестиция салып, экономиканын реалдуу секторун колдоп, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү аркылуу мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ишенимдүү өнөктөшү катары өзүнүн макамын бекемдөөдө.

Улуттук банктын лицензиясы №048