Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча жайкы каттамдар ишке кирди

Бизнес 10 Июль 2026 15:25
IMG_01548.png
IMG_01542.jpg.jpeg
IMG_015410.png
IMG_01541.jpg.jpeg
IMG_01543.jpg.jpeg
IMG_01546.png
IMG_01547.png
IMG_01549.png
IMG_015412.png
IMG_015411.png
IMG_01545.png
Алдыга
Артка
IMG_01548.png
IMG_01542.jpg.jpeg
IMG_015410.png
IMG_01541.jpg.jpeg
IMG_01543.jpg.jpeg
IMG_01546.png
IMG_01547.png
IMG_01549.png
IMG_015412.png
IMG_015411.png
IMG_01545.png
Алдыга
Артка
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 10-июлда "Asman Airlines" авиакомпаниясы "Kompas" туроператору менен биргеликте бул сезондогу Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча алгачкы эл аралык каттамды ийгиликтүү аткарып, Казакстандан келген коноктор үчүн Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн ортосундагы салттуу жайкы авиакаттамдардын башталышына старт берди.

"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда алгачкы жүргүнчүлөрдү өзгөчө жылуу жана кыргыз элине мүнөздүү меймандостук менен тосуп алышты. "Кыргызстан аэропорттору" ААК тарабынан салтанаттуу азем уюштурулуп, улуттук кийимчен кыздар конокторду жылуу маанай менен тосуп, алардын кыргыз жериндеги алгачкы көз ирмемдерин майрамдык маанайда өткөрүүгө шарт түзүштү.

Жайкы программага ылайык, Тамчы – Алматы – Тамчы багыты боюнча каттамдар сентябрь айына чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылып, эки өлкөнүн ортосундагы ыңгайлуу жана ыкчам аба байланышын камсыздайт.