Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Онлайн сатып алууга көз карандылык кандайча пайда болорун психиатр, психотерапевт жана соттук эксперт Антон Шестаков айтып берди. Бул тууралуу Lenta.ru жазды.
Адистин айтымында, маркетплейстерден сатып алууга көз карандылыктын пайда болушуна үч негизги фактор таасир этет. Алардын бири — мээдеги биохимиялык процесстер. Дарыгердин белгилешинче, адамга сатып алуунун өзүнөн көрө буйрутманы күтүү көбүрөөк ырахат тартуулайт.
Анын айтымында, эмоциянын эң жогорку чекити "Буйрутма берүү" баскычын басардан бир аз мурун болот. Ал эми таңгак колго тийгенден кийин бул сезим кыйла төмөндөйт. Мындан улам адам кайра-кайра жаңы нерсе сатып алууну каалашы мүмкүн.
Дагы бир фактор психологиялык себептерге байланыштуу. Айрым адамдар сатып алууну тынчсыздануу, зеригүү же чарчоо менен күрөшүүнүн жолу катары колдонушат. Бирок мындай сатып алуулар аталган абалдардын негизги себептерин жойбойт. Ошондой эле "мен буга татыктуумун" деген сыяктуу түшүнүктөр да көз карандылыкты күчөтүшү мүмкүн.
Ошол эле учурда адис онлайн сатып алууну толугу менен терс көрүнүш катары кароого болбой турганын белгиледи. Анын айтымында, сатып алуу алдын ала пландалса, ага жумшала турган сумма тиркемеге киргенге чейин аныкталса жана алынган буюм чындап колдонулса, онлайн сооданын зыяны азаят.