Кыргызстанда соңку жылдары аялдарга карата зордук-зомбулук кескин көбөйүп, бул көрүнүш коомдогу олуттуу социалдык маселеге айланды. Жакынкы күндөрү 17 жаштагы Айсулуунун кайгылуу окуясы зомбулуктун адамдын тагдырына тийгизген оор таасирин дагы бир жолу коомчулукка ачык көрсөттү. Мунун алдында Бурулай, Айзада, Айтурган, Айгерим, Айжан, Айзирек, Рахима, Айкыз сыяктуу кыз-келиндердин трагедиялуу окуялары коомдо чоң резонанс жаратып, бул маселеге көңүл буруунун зарылдыгын арттырды. Бул кайгылуу тагдырлар ар бирибизди ойлонто турган, өзгөрүү үчүн аракет кылууга чакырган учурлар. Зордук-зомбулукка кабылгандар үчүн эң биринчи кезекте коопсуз чөйрө жана психологиялык колдоо өтө маанилүү. Мындай учурда адистин жардамы алардын кайра жашоого кайтып, өзүнө болгон ишенимин калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт. Зордук-зомбулукка кабылгандарга кандай жардам көрсөтүү керектиги тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине бүгүн психолог Гүлнара Малабаева айтып берди.

- Аялдар эмне себептен зомбулукка чыдап жүрө беришет? Үн катпоонун себеби эмнеде?
- Кыргызстанда жашап жаткандыктан, биздин өлкөдөгү гана абалды айтуу туура деп ойлойм. Биздин коомдо мазохизм түшүнүгү кеңири таралган. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул өзүн-өзү кыйнап, ар кандай кордукка чыдап жашоо. Кыздарды бала кезинен эле “жакшы келин болушуң керек”, “баарына чыдооң керек” деген түшүнүк менен тарбиялашат. Натыйжада кыз бала зомбулукка кабылса да, “Чыдап жашасам жакшы аял болом” деген ой менен өмүр сүрө берет. Улам ушундай тарбиянын негизинде, аялдар жылдар бою зордук-зомбулукка чыдап жашоого аргасыз болушат.
Көп учурда эч кимге зомбулук тууралуу айтпай, унчукпай жашап жүрө беришет. Ал эми айтып чыккан күндө да жакындарынын “чыдашың керек”, “эркектер ушундай эле”, “биз деле жашап жатпайбызбы” деген сөздөрүнө кабылат. Бул ойлор алардын оюн ого бетер чырмалтып, маселени чечүүгө болгон үмүтүн өчүрөт.
Мындан сырткары, бизде ички суперэго түшүнүгү да күчтүү. Анын 50 пайызы жеке инсанга таандык болсо, калган 50 пайызы коомдук, башкача айтканда, “эл эмне дейт?” деген ойго негизделет. Ушундай коомдук басым аялдардын үн катпай, көйгөйүн жашырууга түрткү берет. элдин бетин кантип карайм?”, “ата-энемди уят кылып коёмбу?” деген сыяктуу стереотиптер көпчүлүк учурда аялдардын реалдуу жардам издөөсүнө тоскоол болот. Дал ушундай ойлор жана коомдун реакциясы аялдардын зомбулуктан кутулуу жолундагы эң чоң тоскоолдуктардын бири болуп кала берүүдө.
Ошондой эле биздин коомдо эмоционалдык интеллект абдан начар өнүккөн. Көпчүлүк адамдар өзүнүн кыйналып жатканын, кандай абалда экенин же жан дүйнөсү эмне сезип жатканын так аңдай алышпайт. Мунун айынан зордук-зомбулукка кабылган кыз өзүнүн канчалык деңгээлде кыйналып жатканын да толук түшүнбөй калышы мүмкүн.
Ал эми жаш секелек кыздар тууралуу сөз кылсак, биз аларга бала кезден тарта туура эмес тарбия берип келебиз. Кичинесинен эле “сен күйөөгө кыз бойдон тийишиң керек”, “эгер кыз болуп турмушка чыкпасаң, ата-энеңди, айылыңды уят кыласың” деген сыяктуу түшүнүктөр менен өстүрөбүз. Мындай социалдык басым жаш кыздардын психикасына чоң залакасын тийгизет. Натыйжада зордук-зомбулукка кабылган кыздар уят, коркуу сезимдеринин айынан бул тууралуу эч кимге айта албай, атүгүл өз апасынан да жашырып жүрө беришет. Айрым учурларда мындай абалдан чыга албай, өз жанын кыйган кыздар да бар. Бул өтө кооптуу жана кайгылуу көрүнүш. Ошондуктан кыз баланы тарбиялоодо өзгөчө мамиле керек. Ага эркиндик, ишеним, өзүн баалоо жана корголгонун сезүү маанилүү. Коом катары биз кыздардын коопсуз жана бактылуу жашоосуна шарт түзүшүбүз зарыл.

- Зордук-зомбулукту баштан өткөргөн аялдарда көбүнчө кандай психологиялык жаракаттар калат? Өз башынан зомбулукту өткөргөн аял кайра ишенимдүү, бактылуу жашоо кура алабы?
- Зордук-зомбулукка кабылган аялдын биринчи кезекте өзүн-өзү баалоосу төмөндөйт. Ал келечекте “мен жакшы нерсеге татыктуу эмесмин”, “мени басынтышса боло берет, анткени мен ошого татыктуумун” деген ой менен жашап калышы мүмкүн.
Мындан тышкары, мындай аялдар психологиялык жана физикалык жактан ар кандай ооруларга кабылышат. Дүрбөлөң, коркуу сезими алардын күнүмдүк жашоосунда коштоп жүрөт. Көп учурда өздөрүн күнөөлүү сезишет “ушул зомбулукка өзүм себеп болдум” деген ойдон арыла албай калышат. Бирок, мындай абалдан чыгууга болот. Кийинки жашоодо бактылуу болуу мүмкүн. Ал үчүн эң башкысы аял киши жардам сурагандан тартынбашы керек. Жакын адамдардан, психологдон же атайын кызматтардан колдоо алууга аракет кылуу зарыл. Зордук-зомбулук бул анын күнөөсү эмес жана ал жаңы жашоого татыктуу экенин түшүнүшү керек.
- Бул учурда үй-бүлө, жакындар жана достор жабыркаган аялга кандайча колдоо көрсөтө алышат?
- Коом жана адамдын жакындары зордук-зомбулукка кабылган учурда эң чоң таяныч болуп бере алышат. Мындай учурда биринчи кезекте ага эмоционалдык колдоо көрсөтүү абдан маанилүү. Ага “бул сенин күнөөң эмес”, “сен жаман адам болгон үчүн эмес, зомбулуктун курмандыгы болгонуң үчүн бул иш башыңа түштү”, “сен эч кандай уят иш кылган жоксуң” деген сыяктуу сөздөрдү айтуу керек. Бирок, тилекке каршы, биздин коомдо мындай кырдаалдарда тескерисинче жабырлануучуну айыптаган учурлар көп. “Ал өзү саяк жүрчү”, “кыска кийинип алган”, “өзү себепчи болду” деген сөздөр менен аны экинчи жолу басынтып коюшат. Бул такыр туура эмес. Зордук-зомбулуктун курмандыгына түшүнүү менен мамиле кылып, мүмкүн болсо аны тиешелүү адистерге, психологдорго, психотерапевттерге алып барып, реабилитациядан өткөрүү керек. Ушундай жол менен гана ал адам өзүнө келип, жаңы жашоону баштай алат. Бирок, бул бат эле калыбына келүүчү процесс эмес. Адамдын кайра толук кандуу жашоого аралашуусуна убакыт талап кылынат. Бул учурда жакындарынын колдоосу абдан маанилүү.

- Зомбулук сөзсүз түрдө физикалык болобу, же психологиялык зомбулук да кооптуу деп эсептелеби?
- Эч бир зомбулук дароо уруу менен башталбайт. Ал эң алгач психологиялык басынтуудан башталат. Зомбулук көрсөткөн адам биринчи кезекте жабырлануучунун аң-сезимине таасир берип, “сен күнөөлүсүң” деген түшүнүктү сиңирүүгө аракет кылат. Убакыттын өтүшү менен адам чынында эле “балким, күнөө менде чыгар” деп ойлоп, ошол абалга көнүп калат. Зомбулук көрсөткөн адам жабырлануучуну коомдон обочолонтуп, жалгыз калтырууга аракет кылат. Бул болсо курмандыкты жардам сурай албай турган, сырттан колдоо ала албай турган абалга алып келет.
Өзгөчө белгилей кетүү кетүүчү жагдай, зомбулук көрсөткөн адамдардын көпчүлүгү бала кезде үй-бүлөдөн жетиштүү мээрим, сүйүү, ишеним албагандар. Мындай балдар жылуулук көрбөгөн үйүнөн сыртка чыгып, ошол жылуулукту башка жолдор менен, кээде агрессия менен издешет. Тескерисинче, мээримге, сүйүүгө, түшүнүккө бөлөнүп чоңойгон балдар мындай мыкаачылыкка барбайт. Ошондуктан алгач үй-бүлөдөн баштап, уул балдарды туура тарбиялоо, аларга эмоционалдык жактан колдоо көрсөтүү коомдогу зомбулуктун алдын алуунун эң негизги жолу.
- Психолог катары зомбулук курмандыктарына эң биринчи кандай кеңеш бересиз? - Биринчи кезекте эч кимден тартынбай, зомбулукка кабылган болсоңуз, дароо айтып, жардам издөө керек. 10-15 жыл чыдап жашай берүү туура эмес. Зомбулук тууралуу үн катуу, бул тууралуу сүйлөшүү керек. Эч кимден коркпоо керек. Көпчүлүк адамдар чыдап жүрүп, акыры өзүнө кол салууга чейин барышат. Бул өтө кооптуу. Менин кеңешим эч качан унчукпай, ичтен сызып жашабаңыз. Айтыңыз. Себеби унчукпай жашоо ден соолукту бузуп, адамды терең депрессияга алып келет. Жашоо татыктуу, аны оор сыноолорсуз улантууга мүмкүнчүлүк ар дайым бар.