Программист: Инновацияны өнүктүрүү үчүн мотивация гана эмес, күчтүү экосистема да маанилүү

Санарип Кыргызстан Загрузка... 29 Май 2025 17:05
IMG_6885.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 29.05.25./Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкөдө жеткиликтүү билим берүү курстары, лабораториялар жана Gipsic сыяктуу жеткиликтүү моделдер ошондой эле Google компаниясынын түрдүү программалары пайда болууда. Мындай кадамдар эксперимент жасоо үчүн жана өз алдынча билим алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Бирок Улуу Британиядан келген Google DeepMind компаниясынын программалык камсыздоочу инженери Алия Рысбектин айтымында, бир гана окууга болгон каалоо жетишсиз, колдоочу экосистема сөзсүз керек.

"Окуу жеке деңгээлде гана эмес, университеттер, илимий лабораториялар жана стартаптар аркылуу системалык деңгээлде колдоого алынышы маанилүү. Инновациялардын иш жүзүндө болушу үчүн тышкы стимулдар керек", - деп баса белгиледи ал.

Алия Рысбек мындай шартта гана илим менен техниканын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүгө болорун белгилейт.