Программа 2030. Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы багыттары

Аналитика Загрузка... 11 Июнь 2025 15:36
1.webp
copyright icon WWW

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөдө бир топ мамлекеттик программалар кабыл алынган. Албетте, бул программаларда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн максаттарына жетүү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өкмөт жана мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу түрдүү иш-чаралар камтылган. Бирок, тилекке каршы ар кандай себептер менен бул программалардын көбү аткарылбай, же чала аткарылып, коюлган максаттар ишке ашпай келген. Бул программалардагы иш-чаралардын аткарылышы экономикага, тагыраак айтканда каражатка, көз каранды экенин практика көргөзгөн. Эгемендик алган алгачкы жылдары өлкө экономикалык кризиске капталган мезгилде сырттан келген каражаттар экономиканын ар тармактарын өнүктурүүгө багытталган программаларга жумшалмак. Бирок, ошондо өлкөдө коррупциянын деңгээли өсүп, программаларга бөлүнө турган каражаттар туура сарпталбай, иш-чаралар максаттына жетпей, көп учурда үзгүлтүккө учурап келген. Ар бир келген бийликтин кабыл алган программалары кагаз түрүндө жөн гана популисттик документ болуп кала берген. Ошентип, өлкөнү өнүктүрүүгө багыталган программалар толук кандуу жүзөгө ашырылбай келген.

Учурдагы бийликтин негизги максаты биринчиден, экономиканы өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин көтөрүү болгон. Ал үчүн өлкөдө коруппция менен курөш башталып, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу токтотулган. Экономиканын бардык тармактарында реформалар жүргүзүлүп, натыйжада Кыргызстан өнүгүүгө карай ишенимдүү кадам жасап, бүгүн экономикалык секирик жазаган өлкөгө айланды.

Мына ушундай ийгиликтердин алкагында президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жарлыкка кол коюп жатат. Бул программа кагаз үстүндө калбасында күмөн жок, анда белгиленген бардык мамлекеттин милдеттери, тапшырмалары сөзсүз аткарылат. Бул программа "жаңы глобалдык жана аймактык чакырыктардын шартында масштабдуу реформалардын курсун улантуу жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында бекитилди", деп билдирди Экономика жана коммерция министрлиги.

Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, программа жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга, инклюзивдик экономикалык өсүшкө жетишүүгө жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган стратегиялык документ. Программа жетишилген натыйжаларга жана учурдагы чакырыктарга, ошондой эле Кыргызстанды узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн артыкчылыктары боюнча жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарына негизделген.

Программанын негизги максаттары:

  1. Ички дүң продукцияны жан башына — 4500 долларга чейин жеткирүү. Мындай көрсөткүчкө жетүү реалдуу десек болот. Себеби, өлкөдө акыркы мезгилде көптөгөн ишканалар курулуп, ар кандай товарлар өндүрүлүп жатат. Мындан сыткары, кызмат көрсөтүүлөрдүн учурдагы баалары дагы жетиштүү деңгээлде.
  2. ИДПнын көлөмүн 30 млрд доллардан кем эмес деңгээлге жеткирүү. Бул көрсөткүч жогоруда белгиленгендей, өндүрүш ишканалары азыркыдай темп менен курулса, өлкөдөгү өндүрүлгөн бардык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыноктук наркы бул санга жетүүгө болот.
  3. ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүш темпин 8 пайыз деңгээлинде камсыз кылуу. Бул көрсөткүч жогорудагы пунктарга байланыштуу. Аткарылышы реалдуу десек болот.
  4. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү. Бүгүн бул максат жөн эле популисттик лозунг эмес, реалдуу аткарыла турган нерсе.
  5. Кыргыз Республикасынын адамдык өнүгүү индексинин рейтингин 10 позицияга жакшыртуу. Албетте, өлкөнүн экономикасынын деңгээли жогорууласа жарандардын жашоосу узарып, билим жана жашоо деңгээли да көтөрүлөт.
  6. Жумушсуздук — 5 пайыздан ашпайт. Ири ишканаларды куруу долбоорлору ишке ашса, жумушсуздук мурункудай өспөй, тескерисинче 5 пайыздан ашпайт деп белгиленген.
  7. 2030-жылы ИДПга карата негизги капиталга инвестициялардын көлөмүн 20 пайыздан кем эмес кылуу. Өлкөдө орногон туруктуулук, экономикадагы жылыш инвестиция тартууга шарт ачууда. Ошондуктан негизги капиталга (имараттарга, жабдууларга, инфраструктурага ж.б.) инвестиция тартууга ИДПнын жалпы көлөмүндө инвестициялардын үлүшү белгиленген пайыздан кем болбошу белгиленген.
  8. Мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү — ИДПнын 60 пайызына чейинки деңгээлде кармоо. Негизи тышкы карыздын ИДПга карата 60% катышы оптималдуу деп эсептелет. Учурдагы экономиканын денгээли бул максатка дагы жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Программада өнүгүүнүн төрт негизги вектору белгиленген – индустриялаштыруу, аймактык хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика. Биз бул багыттардын аткарылышын бир нече жылдан бери байкап келе жатабыз жана бул акыркы 3 жылда экономикабызга олуттуу өсүш берди.

Индустриялаштыруу боюнча 2030-жылга чейин өлкөдө өнөр жай продукциясынын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү жана аймактарда кеминде беш технологиялык парк зонасын түзүү максаты коюлган. Экономиканын реалдуу секторун стимулдаштыруу импортко көз карандылыкты кыскартууга, жеткиликтүү баада татыктуу сапаттагы ата мекендик өндүрүш товарларын берүүнү камсыз кылууга багытталган.

Ал эми аймактык хабды түзүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүүнүн ири региондук жана глобалдык борборлорунун ортосундагы соода жолдорунун негизги кесилишиндеги геостратегиялык абалы республикага эл аралык транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндөгү мейкиндикти ээлөөгө мүмкүндүк берет.

Программада автомобиль жана темир жол тармактарына инвестиция тартуу, мультимодалдык транспортту өнүктүрүү жана санариптик логистикалык чечимдер азыр өтө маанилүү экени белгиленет. 5 жылдын ичинде темир жол транспортунун жүк ташуусун жылына 15 млн тоннага чейин жеткирүү жана кеминде 1 млн чарчы метр складдык-материалдык-техникалык комплекстерди түзүү милдети турат. Ошондой эле 2030-жылга чейин Кыргызстандагы республикалык маанидеги жолдордун кеминде 50% оңдолуп бүтүшү керек.

Буга катар Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу, стратегиялык жол долбоорлорун ишке киргизүү, анын ичинде Түндүк-Түштүк автожолу бар.

Айыл чарба тармагында продукциясын өндүрүүнү 30 пайызга жана кайра иштетүүнүн көлөмүн эки эсеге көбөйтүү милдети коюлган. Жерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ирригациялык коромжуларды азайтуу максатында ирригациялык инфраструктураны реконструкциялоо жана модернизациялоо, анын ичинде 5 миң чакырым каналды жаңыртуу пландаштырылууда.

Мал чарбасында асыл тукумдук базаны жакшыртуу жана өнүктүрүү, бордоп семиртүүнүн интенсивдүү технологиясын ишке ашыруу, ошондой эле бакма канаттуулар чарбасын жана уяң жүндүү кой чарбасын колдоо белгиленген. Эт, сүт, жашылча жана жемиш өндүрүүнү көбөйтүү, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын интенсивдүү өнүктүрүүнү талап кылат.

Туризмди өнүктүрүү эл аралык коопсуздук жана сапат стандарттарына багытталган жогорку маржа кызматтарын илгерилетүүгө багытталат. 2030-жылга чейин туризмдин ИДПдагы үлүшү 7 пайызга жетип, Кыргызстан саякаттодо атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кириши керек.

Жашыл энергия бүткүл өнүгүү программасынын негизги компоненттеринин бири болуп саналат. Бул калктын өсүп жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн гана эмес, өсүп жаткан өнөр жай үчүн дагы олуттуу көлөмдө кошумча кубаттуулук керек. Кыргызстанда буга чейин ондогон чакан жана орто ГЭСтер ишке киргизилген жана курулуп жатат, алардын саны 2030-жылга чейин андан да көбөйөт. Ошентип, жалпы өндүрүштө кайра жаралуучу (жашыл) энергиянын үлүшү 92 пайызга жетиши керек жана табигый түрдө ошол мезгилге карата ата мекендик энергетика сектору бардык ички керектөөлөрдү өз булактарынан жабууга жана кепилдик берилген кубаттуулуктун запасына – 550–700 МВт жетүүгө тийиш.

Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасында жарандардын социалдык кепилдиктери, мамлекеттик башкарууну реформалоо, укуктук системаны өнүктүрүү, тышкы саясат жана улуттук коопсуздук боюнча бөлүмдөр да камтылган.

Эми алты айдын ичинде өкмөт программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгып, кабыл алышы керек. Жогорку Кеңеш, сот органдары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн стратегиялык документтерин жана иш пландарын Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы менен макулдашууга милдеттүү.