Профсоюздар 30 жыл бою миллиарддаган сомдорду "жешкен"

Президент Загрузка... 15 Апрель 2026 23:10

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Профсоюздар 30 жыл бою миллиарддаган сомдорду "жешкен". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары менен жолукканда жергиликтүү жашоочунун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда профсоюздарга караган мүлктөр кайрадан оңдолуп жатат.

"Профсоюздардын мүлктөрүн президенттин Иш башкармалыгына алып, мен өзүм жеке көзөмөлдөп, лагерлерин заманбап кылып куруп жатабыз. Профсоюздар 30 жыл бою миллиарддаган сомдорду жеп коюптур", - деди өлкө башчысы.