Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары менен жолугушууда экстремизм боюнча соттолгон инисине ырайым берүүнү өтүнгөн Рустам Абдигапуровдун бир тууганы абактан чыкты. Бул тууралуу Рустам Абдигапуров “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, иниси абактан 2 күн мурун бошотулган. Учурда ал Бишкекте эжесинин үйүндө. Документ иштери бүтүп калса, эртең айылга сапар тартат.
“Мен маселени президентке айткандан кийин ооруканадан байланышып маалымат алышкан. Иним келсе Бишкекке барып, текшерилебиз. Буга чейин Түркияга операцияга барганыбызда башка иним донор болууга туура келбей калган. Эми ушул бир тууганыма үмүт артып жатам. Ырайым берген президентке ыраазычылык билдирем”, - деди ал.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Рустам Абдигапуровдун бир тууганына ырайым берүү жана дарылануусуна көмөктөшүү маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырган болчу. Россияда экстремизм беренеси боюнча айыпталып, Кыргызстанга экстрадицияланган жарандын жаза мөөнөтүнүн дагы 3 жылы калган эле.
Маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 4,5 миңдей адам гемодиализ кызматын алат. Алардын ар бирине мамлекет тарабынан жылына 15 миң доллардай каражат коротулат. Ал эми бөйрөк алмаштыруу жана бейтапты кийин калыбына келтирүү чыгымы 8 миң долларды түзөт.