Бишкек, 16.05.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-малекеттердин башчыларынын Казакстандын Түркстан шаарында өткөн бейформал саммитине катышуусу аяктады.
Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен демилгелерди илгерилетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Андан соң мамлекет башчысы Түркстан шаарында курула турган “Түрк цивилизациясынын борборунун” пайдубалына мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул иш-чара Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан лидерлеринин катышуусунда видеоконференция режиминде өттү. Аталган долбоор түрк элдеринин тарыхый-маданий мурастарын сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга багытталган.
Иш-чаранын алкагында өлкө башчыларына ТМУга мүчө-мамлекеттердин жасалма интеллект экономикасын өнүктүрүү жана санариптик өз ара аракеттенүү стратегиясы сунушталды. Жолугушууда Казакстан тарап санариптик инфраструктура, жасалма интеллект, спутник байланышы, эсептөө кубаттуулугун өнүктүрүү жана мамлекеттик башкарууга санариптик чечимдерди киргизүү боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
Президент Садыр Жапаров саммитте сүйлөгөн сөзүндө жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү темасы заман талабын түздөн-түз чагылдырарын, анткени технологиялар глобалдык атаандаштыктын жана экономикалык өсүштүн негизги факторуна айланганын баса белгиледи. Ал түрк мамлекеттерин өз алдынча геоэкономикалык жана технологиялык борборду түзүү үчүн бул багытта кызматташтыкты чыңдоого чакырды.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын бул чөйрөдөгү жетишкендиктерине токтолуп, өлкөдө Санариптик кодекс иштеп жатканын жана жарандарга 195 мамлекеттик кызматты онлайн көрсөткөн “Түндүк” порталы активдүү өнүгүп жатканын, санариптик технологиялар мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын күнүмдүк турмушуна кеңири интеграцияланганын белгиледи.
Саммиттин соңунда ТМУга мүчө-мамлекеттердин башчылары биргелешкен Декларацияга кол коюшту.
Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров ТМУ лидерлери менен биргеликте “Азрет Султан” улуттук тарыхый-маданий музей-коругуна жана Кожо Ахмед Ясавинин күмбөзүнө барды.
Президент Садыр Жапаров Түркстан шаарындагы ТМУнун бейформал саммитине катышуусун аяктап, 15-майда Бишкек шаарына кайтып келди.