Президенттин Тажикстанга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлду

Президент 1426 08 Июль 2025 14:32
517356467_1277804514354180_390208696692125224_n (1).jpg
517134958_1277804864354145_3849223014550172495_n (1).jpg
518271917_1277804507687514_3273472780169913280_n (1).jpg
518309862_1277804897687475_939151358377664831_n.jpg
518327939_1277804934354138_4182620004829701323_n.jpg
518324397_1277804744354157_3338029693270194436_n.jpg
517034315_1277804731020825_1896771367769599972_n.jpg
517385893_1277804607687504_2599749918197818795_n.jpg
516496836_1277804687687496_6962844552423278911_n.jpg
518287581_1277804584354173_8543657561686896771_n.jpg
517087684_1277804654354166_1207326734325231162_n.jpg
517577258_1277804844354147_6823359518864736743_n.jpg
518240834_1277804814354150_1299759485770687264_n.jpg
518303899_1277804644354167_1139749430095122487_n.jpg
517156590_1277804791020819_238040680294828325_n.jpg
515497928_1277804694354162_2233085783580496592_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө бүгүн, 8-июлда документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болуп өттү.

Ошентип, төмөнкү документтерге кол коюлуп, алмашылды:

  • Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун Биргелешкен билдирүүсү;
  • Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы ишеним чаралары боюнча макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана Жерди аралыктан зонддоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы стандартташтыруу, метрология, продукциянын шайкештигин баалоо жана аккредитациялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы социалдык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги менен Тажикстан Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы;
  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга карата жеткирүү, өнөр жай жана жаңы технологиялар жаатында кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;
  • Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Телевидение жана радио боюнча комитетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту менен Тажикстан айыл чарба илимдер академиясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • “Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Тажикстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда Ишкердик кеңешти түзүү жөнүндө” макулдашуу.