Облус башчылары калк менен жылына эки жолу милдеттүү түрдө жолугушат

Президент Загрузка... 25 Май 2026 16:10
672051504_1526.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыкка кол койду.

Бул документ президенттин 2026-жылдын 10—15-апрелинде Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмаларды аткаруу максатында иштелип чыккан.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү калк менен милдеттүү жолугушууларды ар бир жылдын февраль—мартында жана ноябрь—декабрында өткөрүп турушат.

Аталган жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.