Президенттин Астана шаарына болгон иш сапары аяктады

Президент 890 29 Май 2026 23:36
IMG_3500.jpeg
IMG_3496.jpeg
IMG_3497.jpeg
IMG_3498.jpeg
IMG_3499.jpeg
IMG_3501.jpeg
IMG_3502.jpeg
IMG_3503.jpeg
IMG_3504.jpeg
IMG_3505.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3500.jpeg
IMG_3496.jpeg
IMG_3497.jpeg
IMG_3498.jpeg
IMG_3499.jpeg
IMG_3501.jpeg
IMG_3502.jpeg
IMG_3503.jpeg
IMG_3504.jpeg
IMG_3505.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 28-29-майда Астана шаарына болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин делегация башчылары, байкоочулар жана ардактуу коноктор менен бирге V Евразия экономикалык форумунун ишине катышты.

Мамлекет башчысы форумда сөз сүйлөп, жасалма интеллект мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору жана мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуунун маанилүү куралы болуп баратканын баса белгиледи. Ошону менен бирге Кыргызстандын жасалма интеллектти фискалдык жана башка системаларга киргизүү жаатындагы жетишкендиктери белгиленди.

Ошондой эле катышуучулар Евразия экономикалык форумунун алкагында уюштурулган Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборундагы көргөзмөгө барышты. Экспозицияда ЕАЭБ мамлекеттери мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу, санариптик экономиканы өнүктүрүү, мамлекеттик системаларга жасалма интеллект технологияларын киргизүү жана башка милдеттерди чечүүгө багытталган инновацияларды жана инструменттерди сунушташты.

29-майда президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) тар жана кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты. Президент өз сөзүндө ЕАЭБ жалпы рынок мейкиндиги гана болбостон, технологиялык өнөктөштүктүн, биргелешкен инновациялардын жана өсүштүн жаңы чекиттерин түзүүнүн платформасы айлануу үчүн зарыл болгон дараметке ээ экенине ишеним билдирди.

Катышуучулар бир катар документтерге кол коюшту.

Иш сапар аяктаган соң президент Садыр Жапаров 29-майда Бишкекке кайтып келди.