Президенттин администрациясынын ишинин маселелери боюнча айрым жарлыктарга өзгөртүү киргизилди

Президент Загрузка... 10 Апрель 2025 12:30
DST_7824.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.04.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «КР президентинин администрациясынын ишинин маселелери боюнча КР президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

КР президентинин администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, КР Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. КР президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “КР Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген КР мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

– I бөлүмдүн 1-главасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү”.

2. КР президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 “КР президентинин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. КР президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 “КР президентинин администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1). жогоруда аталган жарлык менен бекитилген КР президентинин администрациясынын түзүмү ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2). жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген КР президентинин администрациясынын штаттык санына ушул жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1). КР президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 160 “КР президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө” жарлыгы;

2). КР президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 50 “КР президентинин администрациясынын ишинин маселелери боюнча КР президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жарлыгынын 2-пунктунун 1-пунктчасы.