Президенттик шайлоодо талапкерлердин бюллетендеги кезеги кандай аныкталат?

Шайлоо 163 19 Август 2026 16:20
1.jpg
777920065_938396549307052_7884712872691172771_n.jpg
775132351_1647638266919636_5855579330886216317_n.jpg
775419810_1559579115647575_3621787542837489681_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
777920065_938396549307052_7884712872691172771_n.jpg
775132351_1647638266919636_5855579330886216317_n.jpg
775419810_1559579115647575_3621787542837489681_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн чүчүкулак аркылуу аныктоо тартибин бекитти.

Мекеменин маалыматына караганда, учурдагы негизги жол-жобо сакталат. Ошол эле учурда бардык катталган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макул болгон учурда чүчүкулакты бир этапта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

"Бул ыкма талапкерлердин кезектүүлүгүн кокусунан аныктоо принцибин сактоо менен бирге жол-жобону жөнөкөйлөтүп, убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.