“Акылман” лицейинин бүтүрүүчүлөрү ЖОЖго ЖРТнын негизинде кабыл алынат

Билим 1 апрель 2025 13:13
“Акылман” лицейинин бүтүрүүчүлөрү  ЖОЖго ЖРТнын негизинде кабыл алынат

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. “Акылман” лицейинин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайга жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде кабыл алынат. Бул тууралуу маалымат жыйында аталган лицейдин директору Эмил Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, азыр лицейге байланыштуу коомдо ар кандай пикирлер айтылып жатат.

“Биздин лицейди аяктагандан кийин балдар бардык абитуриенттер сыяктуу эле ЖРТ тапшырып, жогорку окуу жайларга өтөт. Бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайга тапшырууда эч кандай жеңилдиктер болбойт”, - деди ал.