Президентке Нарынды өнүктүрүүнүн келечектүү долбоорлору тааныштырылды

Президент 780 24 Июнь 2026 14:00
photo_5323646723022329979_y.jpg
photo_5323646723022329980_y.jpg
photo_5323646723022329981_y.jpg
photo_5323646723022329982_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5323646723022329979_y.jpg
photo_5323646723022329980_y.jpg
photo_5323646723022329981_y.jpg
photo_5323646723022329982_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарынын жана Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле аймакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган келечектүү долбоорлор менен таанышты.

Мамлекет башчысына маалыматты президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров айтып берди.

Презентация учурунда акыркы жылдары аймакта инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык объектилерди куруу жана инвестицияларды тартуу боюнча иштер бир топ жанданганы белгиленди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалыматы боюнча, Нарын шаарынын бюджети 350 млн сомго жетти, бул жүргүзүлүп жаткан иштердин көлөмүн олуттуу көбөйтүүгө жол ачты. Учурда шаарда саламаттыкты сактоо мекемелери, спорт объектилери, социалдык инфраструктура объектилери жана негизги шаардык көчөлөр сыяктуу 43 объект бир учурда курулуп жана реконструкцияланып жатат.