Президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлдү

Президент Загрузка... 10 Февраль 2026 20:25
News_263750539569208694790060834878240452097.png

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын базасында президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлдү.

Эми аталган кызматтын төрагасын жана төрагасынын орун басарларын президент дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.