Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстандын аймактарындагы жол курулушу өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бирок, бөлүнүп жаткан каражаттарга карабастан, долбоорлорду ишке ашыруу ыкмалары олуттуу суроолорду жаратууда. Негизги доомат — жол кызматтарынын жолду кыска бөлүктөргө бөлүп салуусу болууда, бул жумуштун баасын бир нече эсе кымбаттатууга алып келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Мамлекет башчысы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилигине бул жаатта катуу эскертүү берди. Кыска тилкелерди (мисалы, 1 чакырымдан) курууга каршы башкы аргумент — анын өздүк наркынын өтө жогорулугу.
Президент баса белгилегендей, болгону бир чакырым жол үчүн техникаларды мобилизациялоо, материалдарды жеткирүү жана жабдууларды орнотуу долбоорду ашыкча чыгымга учуратат.
"Мен муну акыркы беш жылдан бери айтып келем, жолду бир чакырымдан салбагыла. Мындай ыкма жумушту беш эсе кымбаттатат. Айылга кирдиңерби, аны толугу менен бүтүргүлө", — деди Садыр Жапаров жол кызматтарынын ишин талкуулоо учурунда.