Президент Жалал-Абаддагы жаңы бокс академиясы менен таанышты

Президент 1204 30 Август 2025 15:20
IMG_5624.jpeg
IMG_5623.jpeg
IMG_5625.jpeg
IMG_5626.jpeg
IMG_5627.jpeg
IMG_5628.jpeg
IMG_5629.jpeg
IMG_5630.jpeg
IMG_5633.jpeg
IMG_5632.jpeg
IMG_5631.jpeg
IMG_5636.jpeg
IMG_5635.jpeg
IMG_5634.jpeg
IMG_5622.jpeg
IMG_5637.jpeg
IMG_5638.jpeg
IMG_5639.jpeg
IMG_5640.jpeg
IMG_5641.jpeg
IMG_5642.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_5624.jpeg
IMG_5623.jpeg
IMG_5625.jpeg
IMG_5626.jpeg
IMG_5627.jpeg
IMG_5628.jpeg
IMG_5629.jpeg
IMG_5630.jpeg
IMG_5633.jpeg
IMG_5632.jpeg
IMG_5631.jpeg
IMG_5636.jpeg
IMG_5635.jpeg
IMG_5634.jpeg
IMG_5622.jpeg
IMG_5637.jpeg
IMG_5638.jpeg
IMG_5639.jpeg
IMG_5640.jpeg
IMG_5641.jpeg
IMG_5642.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы бокс академиясынын жаңы имараты менен таанышты.

Спорттук объектиге үч бокс залы, административдик имарат, 300 орундуу заманбап спорт зал, ошондой эле 27 орундуу жатакана кирет. Академия спортчуларды даярдоо жана ар кандай деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат.

Курулуш Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буюртмасы менен ишке ашырылды. Каржылоо толугу менен республикалык бюджеттен жүргүзүлдү, долбоордун жалпы наркы - 192 млн сом.

Мамлекет башчысы спорт залдарды көрүп чыгып, жаш боксерлор, машыктыруучулар менен баарлашты, ысым жазылган бокс кол каптарына кол тамгасын коюп, чогуу сүрөткө түштү.

Иш-чарага белгилүү кесипкөй боксер, оор салмактагы дүйнө чемпиону, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Николай Валуев да катышып, жаш спортчулар үчүн мастер-класс өткөрдү.