Президент Жалал-Абаддагы "Мурас Юнайтед" футбол клубунун жаңы имаратын көрүп чыкты

Президент 1081 30 Август 2025 13:04
IMG_20250830_130814_130.jpg
IMG_20250830_130814_099.jpg
IMG_20250830_130814_726.jpg
IMG_20250830_130814_283.jpg
IMG_20250830_130814_430.jpg
IMG_20250830_130814_418.jpg
IMG_20250830_130814_050.jpg
IMG_20250830_130758_340.jpg
IMG_20250830_130759_006.jpg
IMG_20250830_130758_261.jpg
IMG_20250830_130758_344.jpg
IMG_20250830_130758_860.jpg
IMG_20250830_130758_997.jpg
IMG_20250830_130758_522.jpg
IMG_20250830_130758_697.jpg
IMG_20250830_130758_781.jpg
IMG_20250830_130758_512.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20250830_130814_130.jpg
IMG_20250830_130814_099.jpg
IMG_20250830_130814_726.jpg
IMG_20250830_130814_283.jpg
IMG_20250830_130814_430.jpg
IMG_20250830_130814_418.jpg
IMG_20250830_130814_050.jpg
IMG_20250830_130758_340.jpg
IMG_20250830_130759_006.jpg
IMG_20250830_130758_261.jpg
IMG_20250830_130758_344.jpg
IMG_20250830_130758_860.jpg
IMG_20250830_130758_997.jpg
IMG_20250830_130758_522.jpg
IMG_20250830_130758_697.jpg
IMG_20250830_130758_781.jpg
IMG_20250830_130758_512.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы "Мурас Юнайтед" футбол клубунун жаңы машыгуу комплексинин имараты менен таанышты.

Жаңы спорттук комплекс спортчуларды даярдоо үчүн зарыл болгон заманбап спорттук жана окуу-тиричилик объектилерин бириктирип турат. Бул жерде машыгуу жана турак жай имараттары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, бассейн, машыгуу залы, ошондой эле көрүүчүлөр үчүн трибуна жана гибриддик футбол аянты каралган.

Объект дээрлик 2 гектар аянтты ээлейт жана жарык берүү системасы менен жабдылган, бул кечкисин машыгууларды жана беттештерди өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы комплекстин шарттары менен таанышып, инфраструктураны көрүп чыкты жана жаш футболчулар менен бирге футбол талаасына чыгып, дарбазага топ киргизип, биргеликте эстеликке сүрөткө түштү.