Президент Жалал-Абаддагы ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды

Президент 1425 12 Май 2025 20:33
496816027_1229821629152469_1286519538987254349_n.jpg
496295802_1229821405819158_2226851948643124544_n.jpg
496317578_1229821932485772_7766887956080118041_n.jpg
496080522_1229821899152442_4637126099740016342_n.jpg
497556226_1229821422485823_8034812419759145039_n.jpg
496806366_1229821675819131_3804222198595410415_n.jpg
496456498_1229821362485829_4382633769429822192_n.jpg
496935998_1229821875819111_1875045383109961209_n.jpg
496812260_1229821542485811_9185850255554838906_n.jpg
496450590_1229821512485814_8811510657936081115_n.jpg
497557146_1229821659152466_5739680256124114272_n.jpg
496296619_1229821282485837_5038864530287007850_n.jpg
496984887_1229821569152475_481480060118953261_n.jpg
497164884_1229821942485771_8163222530622329832_n.jpg
496737643_1229821835819115_2859636205630441403_n.jpg
496390428_1229821505819148_234386373672592742_n.jpg
496826197_1229821735819125_4928106402014553530_n.jpg
496429124_1229821455819153_314585562388777847_n.jpg
497515267_1229821619152470_5877295606262277018_n.jpg
496450590_1229821232485842_7924124503973196399_n.jpg
496298897_1229821289152503_663270862496986617_n.jpg
496806934_1229821782485787_6651019167697140938_n.jpg
496799224_1229821345819164_4310491166166520840_n.jpg
496795550_1229821469152485_2842525859570739212_n.jpg
496253618_1229821719152460_8698256228356017258_n.jpg
496794643_1229821845819114_8480978881209927087_n.jpg
496770351_1229821225819176_3841104776196467387_n.jpg
496800841_1229821172485848_6089101117615787050_n.jpg
496199677_1229821802485785_2580478705688637788_n.jpg
496813220_1229821162485849_4541045677307903897_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Асман Резиденс-1» көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Көп кабаттуу турак жай комплекси Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан «Менин үйүм (2021–2026)» мамлекеттик программасынын алкагында Жалал-Абад шаарында курулган.

Комплекс жети тогуз кабаттуу блоктон турат жана 639 батирди камтыйт. Жер астында 138 жана жер үстүндө 50 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар аянтчасы бар.

Коммуникациялар борборлоштурулган, жылуулук өзүнүн отканасынан берилет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө МИК үйгө муктаж миңдеген үй-бүлөгө жеткиликтүү шарттарды сунуштап, социалдык багыттагы турак-жай саясатын ийгиликтүү жүргүзүп жатканын эске салды.

Садыр Жапаров белгилегендей, үйлөрдүн курулушу аяктаганда миңдеген кыргызстандыктар үй-бүлөсү менен, “өз үйү – өлөң төшөгүндө” бактылуу жашоого мүмкүнчүлүк алышат.

Ал ипотекалык турак-жайлар калктын бардык катмарына, анын ичинде социалдык жактан аялуу жарандарга да жеткиликтүү экенин баса көрсөттү. Президент социалдык жактан аялуу катмар үчүн, алардын турак-жай алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүүгө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган атайын программа каралганын эске салды. Бул программанын алкагында турак-жайды жеңилдетилген шарттарда, баштапкы төлөмсүз, узак мөөнөткө сатып алууга мүмкүнчүлүк берилип жатат.

Мамлекет башчы учурда үйү жок жарандарыбызды, анын ичинде чет өлкөдө эмгектенген мигранттарды да турак жай менен камсыз кылуу боюнча ири иштер жүрүп жатканын белгиледи. Буга байланыштуу үлүштүк курулуш механизми ийгиликтүү ишке киргизилип, ал турак жай сатып алуу процессин жөнөкөйлөштүрдү, ипотекага жеткиликтүүлүктү кеңейтти жана ошол эле учурда өлкөнүн экономикасына салым кошуу менен мекендештердин жашоо шарттарын жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп калды.

Садыр Жапаров ошондой эле мамлекеттик ипотеканы алуу процесси толугу менен санариптештирилип, ачык-айкын жана жеткиликтүү системага айланганын баса белгиледи:

«Турак жайга кезекке туруу, документтерди тапшыруу жана кароодон өткөрүү толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат. Бул система бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берип, коррупциялык элементтерди жоюуну максат кылат. Үй алууда мындай терс көрүнүштөр боюнча ичиңиздерде күдүк ой калбасын, баары акыйкат жана мыйзамдуу болот», - деди мамлекет башчысы.

Ал мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде муктаж болгон жарандарыбызды турак-жай менен толук камсыз кылууну максат кылып жатканын кошумчалады. Бул турак-жай шарттарын жакшыртуу жана заманбап турак жай комплекстерин куруу боюнча мамлекеттик масштабдуу жана узак мөөнөттүү стратегиянын бир бөлүгү гана.

«Менин үйүм» программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 11 миңге жакын батирлер, анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы, Таш-Көмүрдөгү жана Сузак районундагы объектилер курулууда. Жакынкы аралыкта 879 батирди кошкондо миңдеген үй-бүлөлөр жаңы батирлерге ээ болушат, анын ичинде Сузак айылындагы 240 батирлүү «Асман резиденция-5» комплекси бар.

Мамлекет башчысы бардык объектилер заманбап инфраструктура – ​​мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер жана спорт аянтчалары менен жабдыларын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров беш баланын энеси, бала бакчанын тарбиячысы Жыпаргүл Момбековага жаңы батирдин ачкычын тапшырды. Бул аракети коомдун жыргалчылыгы үчүн жанын аябаган жана колдоого муктаж адамдарга мамлекеттин көңүл буруусунун символу болуп калды.

Андан соң президент Садыр Жапаров турак жай комплексинин инфратүзүмү менен таанышып, батирлерди көрүп чыгып, тургундар менен баарлашып, аларды жаңы конушу менен куттуктады.